Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Путин Байденди түз эфирде жолугууга чакырды


Жо Байдендин интервьюсу
Жо Байдендин интервьюсу

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын мамлекет башчысы Жо Байденди 19-мартта же 22-мартта түз эфирде жолугууга чакырды.

“Биз эки тараптуу кызматташтык тууралуу сүйлөшсөк болот. Ошондой эле, стратегиялык туруктуулук жана аймактар аралык талаш-тартыштуу маселелерибизди да талкуулай алабыз”, - деди Путин.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги эки мамлекеттин лидерлеринин жолугушуусун пландай баштаганын министрликтин өкүлү Мария Захарова ачыктаган.

17-мартта Байден "ABC News" каналына берген интервьюсунда журналисттин "Орусия президенти Владимир Путин киши өлтүргүчпү?” деген суроосуна “ооба” деп жооп кайтарган. Ал орус бийлиги АКШдагы шайлоого кийлигишүү аракети үчүн жакын арада жооп бере турганын айткан эле.

Мындан соң Орусия АКШдагы элчисин Вашингтон менен алакасы тууралуу кеңешүү үчүн чакыртып алды. Ал эми Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков «абдан жаман» жана «чектен чыккан» деп атаган.

Путиндин түз эфирде жолугуу сунушу боюнча Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки комментарий берип, АКШ администрациясы азырынча бул жолугушуу болорун ырастай албастыгын, буга Жо Байдендин Жоржия штатына пландалган сапары себеп экенин маалымдады.

Псаки ошондой эле Байден АВС каналында айткандары үчүн өкүнбөй турганын, "президентке түз суроо берилип, түз эле жооп айтылды" деген түшүндүрмө жасады. Пикир келишпестиктерге карабай, АКШ Орусия менен ар түрдүү багытта кызматташууга даяр экенин кошумчалады.

АКШ менен Орусия ортосундагы алака «кансыз согуш» жылдарынан бери абдан төмөн деңгээлге түшүп салкындап кетти. Буга Москванын Кошмо Штаттарда жана башка мамлекеттерде шайлоого кийлигишүү аракеттери, Сирия жана Украинадагы жаңжалдар, орус хакерлеринин киберчабуулдары жана оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын уулундарылышы, андан кийин камалышы себеп болду.

XS
SM
MD
LG