Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:52

Евробиримдик: Бир катар өлкөлөр “AstraZeneca” вакцинасы менен эмдөөнү кайра баштоодо


Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили коронавирус (COVID-19) илдетине каршы "AstraZeneca" вакцинасы менен эмделди. Тбилиси шаары. 2021-жылдын 18-марты.
Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили коронавирус (COVID-19) илдетине каршы "AstraZeneca" вакцинасы менен эмделди. Тбилиси шаары. 2021-жылдын 18-марты.

Европа Биримдигинин дары-дармек агенттиги (EMA) “AstraZeneca” вакцинасы коронавируска каршы эмдөө заты катары "коопсуз жана натыйжалуу" деп тапкандан кийин, Европанын бир катар өлкөлөрү калкын ушул вакцина менен да эмдөөнү кайрадан баштай тургандыктарын 18-мартта билдиришти.

Европалык дары-дармекти көзөмөлдөөчү мекеменин чечими кандын уюшу ыктымал болгон тобокелдиктерди кеңири карап чыккандан кийин кабыл алынды. Бул тууралуу 18-мартта бул мекеменин жетекчиси шардана кылды.

Улуу Британиядагы Оксфорд университети менен дары-дармек жасоочу британдык-шведдик “AstraZeneca” компаниясы биргелешип өндүрүп жаткан вакцина кыйыр кесепеттерге алып келиши ыктымал деген санааркоолор күч алган соң, бир катар мамлекеттерде бул вакцина манен эмдөө убактылуу токтотулуп салынган.

Ал эми Европа Биримдигинин дары-дармек агенттиги бул маселени тез арада кайрадан кылдат текшерип чыкты.

ЭМАнын аткаруучу директору Эмер Кук (Emer Cooke). Брүссел, Белгия. 2021-жылдын 16-марты.
ЭМАнын аткаруучу директору Эмер Кук (Emer Cooke). Брүссел, Белгия. 2021-жылдын 16-марты.


ЭМАнын аткаруучу директору Эмер Кук (Emer Cooke) айым агенттиктин текшерүүсүнүн жыйынтыктарын тааныштырып жатып: "Комитет таасын илимий тыянакка келди", – деди.

"Бул – коопсуз жана натыйжалуу вакцина. Калайыкты “COVID-19” илдетинен сактоодогу анын артыкчылыктары – бул оорудан келип чыккан өлүм-житимге жана ооруканага жаткырууга байланыштуу тобокелдиктерден алда канча жогору", – деп Кук айым баса белгиледи.


Арийне, EMA мекемеси кан уюган учурлар менен вакцина ортосундагы байланышты биротоло жокко чыгара алган жок жана ал дал ушул көйгөйдү түшүнүү үчүн кошумча иликтөөлөрдү баштаганын билдирди.

EMA агенттигинин жарыясынан кийин Франция, Германия, Италия, Болгария, Латвия жана Испания коронавируска каршы эмдөөдө “AstraZeneca” дарысын 19-марттан тартып кайрадан колдоно башташарын билдиришти.


Ал эми “AstraZeneca” вакцинасын колдонууну алгачкы болуп токтоткон европалык өлкө – Норвегия мындан дагы көп маалымат чогулмайынча вакцинага бөгөт улантыла бере тургандыгын билдирди.

Грузияда коронавируска каршы эмдөө 15-мартта башталды. Биринчилерден болуп жогорку тобокелдик тобуна кирген дарыгерлер эмделүүдө.

Грузиянын 69 жаштагы президенти Саломе Зурабишвили айым 18-мартта «COVID-19» илдетине каршы «AstraZeneca» вакцинасынын биринчи дозасы менен обого түз чыккан берүү маалында эмделди. Белгилей кетсек, бул күн Зурабишвили айымдын туулган күнү болчу.

Тасма. Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили айым 2021-жылы 18-мартта «AstraZeneca» вакцинасы менен эмделди. (Грузинче).

Грузин бийлиги британдык-шведдик «AstraZeneca» компаниясы менен Оксфорд университети тарабынан иштелип чыккан дары заттын түрү болгон Түштүк Кореяда өндүрүлүп жаткан «AstraZeneca-SKBio» вакцинасынын алгачкы 43,2 миң дозасын өлкөгө 13-мартта алып келген.

Украина болсо эмдөө жүрүмүндө бул вакцинаны колдонуусун эч токтоткон эмес. 16-мартта Украинанын саламаттык сактоо министри Максим Степанов ICTV сыналгы каналынын суроосуна жооп берип жатып, өзүнүн ата-энеси да “AstraZeneca” вакцинасын сайдыргандыгын жана ушул вакцинаны коопсуз деп санаарын айткан. (TT)

XS
SM
MD
LG