Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Европа Биримдигинин бир катар өлкөлөрү “AstraZeneca” вакцинасы менен эмдөөнү убактылуу токтотту


Коронавируска каршы "AstraZeneca" вакцинасы. Брест шаары, Франция. 2021-жылдын 12-марты.
Коронавируска каршы "AstraZeneca" вакцинасы. Брест шаары, Франция. 2021-жылдын 12-марты.

Германия, Франция, Италия жана Испания 15-мартта Улуу Британиянын Оксфорд университети менен британдык-шведдик “AstraZeneca” компаниясы биргелешип коронавируска каршы өндүргөн вакцинаны калайыкты эмдөөдөн убактылуу алып салуу чечимин кабыл алган башка өлкөлөргө кошулушту.


Ал эми БУУнун саламаттык сактоо агенттиги – Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун (ДССУ) адистери “AstraZeneca” эмдөө затынын канды коюулантчу болжолдуу кесепети тууралуу маалыматтарды тактоо үчүн 12-мартта чукул отурум өткөрүп, бул вакцинаны пайдалуу деп жактап чыккан. Бирок соңку кырдаалдан улам, ДССУдагы вакцина коопсуздугу жаатындагы адистер 16-мартта, шейшембиде, чукул отурумга чогулуп жатышкандыгы кабардалды.

Коронавирус илдети өзгөчө сокку урган дүйнөдөгү өлкөлөрдүн бири болгон Италия өзүнүн көпчүлүк аймактарында кайрадан катаал карантин киргизди. Ушул жагдайга карабастан, Италия да “AstraZeneca” вакцинасы менен эмдөөнү убактылуу токтотуп салды.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон “AstraZeneca” вакцинасын эмдөөдө колдонуу маселеси боюнча Европалык дары-дармек агенттигинен (EMA) жаңы көрсөтмө күтүп жаткандыгын айтты.

Бизде “AstraZeneca” вакцинасын колдонууну убактылуу токтотуу жөнүндөгү чечим... этият болуу үчүн кабыл алынды. Эгерде Европалык дары-дармек агенттигинин адистик бүтүмү уруксат берчү болсо, анда биз тез арада бул вакцина менен эмдөөнү кайра баштайбыз деп үмүт кылып турабыз”, – деди президент Макрон.

Испаниянын Саламаттык сактоо министри Каролина Дариас “AstraZeneca” вакцинасын эмдөөдө колдонууну кеминде эки аптага токтото туруу чечими кабыл алынгандыгын билдирди. Анын айтымында, өлкөдө ушул зат менен эмделгенден кийин бейтаптын каны уюп калган бир гана учур катталган.


Европалык дары-дармек агенттиги 18-мартта атайын адистик жыйын өткөрмөкчү. Анда Оксфорд университети менен британдык-шведдик дары өндүрүүчү “AstraZeneca” компаниясы тарабынан орток өндүрүлгөн вакцина боюнча "мындан аркы иш-аракеттер" жаатында чечим кабыл алынат.

Латын Америкасынын түндүгүндөгү Венесуэла жумурияты “AstraZeneca” вакцинасын расмий жактыруудан азырынча баш тартаарын маалымдады.

Түштүк-Чыгыш Азиядагы Индонезия өлкөсү да “AstraZeneca” вакцинасы менен эмдөөнү кечеңдете турмакчы.

Бул эмдөө каражаты башка вакциналарга караганда алда канча арзаныраак. Жакыр мамлекеттердин көпчүлүгү дал ушул вакцинаны көбүрөөк тандай башташкан.

Айрым санааркоолорго жана тобокелчиликтерге карабастан, “AstraZeneca” вакцинасын колдонуунун артыкчылык жактары алда канча көп, деп Европалык дары-дармек агенттиги жана Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму жакында билдиришкен.


Ал эми “AstraZeneca” компаниясынын өзү жекшембиде (14-мартта) өз вакцинасынын коопсуздугуна ишендирген билдирүү таркатты.

Компания өзүнүн бүтүмдөрү Европа Биримдигинде жана Улуу Британияда эмделген 17 миллиондон ашуун кишинин ден-соолугунун жалпы абалын изилдөөгө негизделгендигин баса белгиледи. (TT)

XS
SM
MD
LG