Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Орусиядан Тамчыга авиакаттамдар кайра жанданат


 «Шереметьево» аэропорту. Москва. Илююстрациялык сүрөт.
«Шереметьево» аэропорту. Москва. Илююстрациялык сүрөт.

Екатеринбург-Тамчы авиакаттамын жандантуу боюнча Орусия менен макулдашууга жетишилди.

Ага ылайык, Екатеринбургдан Бишкек жана Ош шаарларына аба каттамдарды көбөйтүү аракети көрүлө турганын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

"Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы Екатеринбургдан Тамчыга "Урал аба жолдору" компаниясынын алгачкы чартердик рейси 21-мартта келерин ырастады.

20-мартта Москвадагы Жуковский аэропортунан да Тамчыга чартердик биринчи рейс ишке ашырылмакчы.

Былтыр коронавирус пандемиясы башталгандан кийин Кыргызстанда тышкы авиакаттамдар дээрлик токтоп калган. Кийин аба байланышы уланганы менен соңку мезгилге чейин жалаң чартердик учактарга уруксат берилген. Авиакомпаниялар да өз каттамдарын күнүмдүк эмес, жалданган учак катары жадыбалга коюп келет. Ошого байланыштуу билеттердин наркы 30-40 миң сомдон 60-70 миң сомго чейин чыккан.

Кыргыз өкмөтү буга чейин эки өлкөнүн ортосунда авиакаттамдарды жандандыруу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын кабарлаган. (NT)

XS
SM
MD
LG