Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:00

Эрлан Бекчоро уулу суракка чакырылды


Эрлан Бекчоро уулу
Эрлан Бекчоро уулу

Журналист, жарандык активист Эрлан Бекчоро уулу 19-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакырылды.

Бул тууралуу "Азаттыкка" ал өзү маалымат берип, суракка чакырылышына "Ханституцияга каршы" кыймылынын имаратын ижарага алууда расмий тарап катары келишимге кол койгону себеп болушу мүмкүн дейт.

"Кыймылдын имаратын ижарага алууда мен расмий тарапмын. Балким ушундан улам чакырылып жатсам керек. Негизи буга чейин деле атайын кызматтын өкүлдөрү аңдып жүргөндөй болгон".

Бекчоро уулунун сурагы 19-мартта 10:30да башталат.

Ал 9-мартта Конституциянын жаңы редакциясына каршы чыккан пикетке катышкан.

15-мартта блогер Тилекмат Куренов (Кудайберген уулу) кармалып, ошол эле түнү "Ханституцияга каршы" кыймылынын кеңсесин күч органдары тинтүүгө алган.

Активист Жазык кодексинин 310-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») жана 264-беренеси («Массалык башаламандыктар») менен айыпталып, бир айга камалды. (BCh)

XS
SM
MD
LG