Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Сузакта зордук-зомбулукка каршы жөө жүрүш өттү


Сузактагы жөө жүрүш
Сузактагы жөө жүрүш

18-мартта Сузак районунда өспүрүмдөрдүн зомбулукка каршы жөө жүрүшү өттү. Жүрүштү өткөрүү демилгесин райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясы көтөргөн.

Сузак жана Ырыс айыл аймактарындагы мектептердин жогорку класстарынын окуучулары колдоруна ар түрдүү жазуулар бар плакаттарды көтөрүшүп, эки чакырымдай аралыкты басып өтүштү.

Уюштуруучулар жөө жүрүш кылмыштуулуктун жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу максатында өткөнүн билдиришти.

Жүрүш Жалал-Абаддын кире беришиндеги Курманбек баатырдын эстелигинен башталып, Сузактын борбордук аянтында жыйынтыкталды.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2020-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук 65 пайызга көбөйгөн. (TB)

XS
SM
MD
LG