Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:03

Вирус сынаган кыргыз медицинасы


22-июль, 2020-жыл.
22-июль, 2020-жыл.

Кыргызстанда коронавирус илдети катталганына туура бир жыл болду. Илдет былтыр 2020-жылдын 18-мартында катталгандан бери оору 87 143 кишиге жугуп, 1485 киши илдеттен каза болду. Алардын 104ү медицина кызматкерлери. Учурда өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу.

Эпидемиологиялык абал курчугандан баштап Бишкектеги жугуштуу оорулардын клиникасына COVID-19 менен ооруган жети миңден ашуун бейтап түшкөн. Клиниканын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев 18-мартта өткөн брифингде буларды айтты:

"Биздин ооруканада COVID-19 вирусу жуккан эң жаш бейтап - жыйырма күндүк ымыркай болду. Ал апасы менен кайрылып, ПЧР-анализинен вирус чыгып, дарыланып, айыгып чыгышты. Эң картаңы 101 жаштагы карыя ооруну жеңди. Азыркы тапта ооруканада 169 бейтаптын коронавирус анализи тастыкталып жатат. Алардын он биринин абалы өтө оор, 69у оор абалда".

Бул апаат бир жыл ичинде илдет менен күрөшкөн 104 медицина кызматкеринин өмүрүн алды. Ал эми коронавирус жалпы 3400дөн ашуун медициналык кызматкерге жуккан.

Саламаттык сактоо министрлиги ооруп айыккан 1500дөн ашуун медициналык кызматкерге 200 миң сомдон кенемте берген. Ал эми каза болгон медиктердин 32 үй-бүлөсүнө бир миллион сомдон кенемте төлөнгөн.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев министрлик жалпы кенемте төлөөгө 185 миллион сом жумшалганын билдирди:

"Врач жана медайымдарга талашсыз түрдө кенемте берилди. Бул жерде башка кызматкерлер арасында суроо жаралып жатат. Мисалы, мобилдик бригадада иштеген айдоочу да бейтапты көтөрүп жардам берген. Биз аларга кенемте бердик. Ал эми башка медициналык кызматкерлер да болуп жатат. Азыр оору жуктурган жана андан каза болгон медициналык кызматкерлерге кенемте төлөп берүү боюнча министрликке 2800дөй арыз түштү. Ооруп айыккан 1500дөн ашуун медициналык кызматкерге 200 миң сомдон кенемте берилди. Ал эми каза болгон медиктердин үй-бүлөсүнөн 60 арыз түшүп, 32 үй-бүлөгө бир миллион сомдон кенемте төлөндү”.

Кыргызстан эмдөөгө даярданууда

Кыргызстан ушул күнгө чейин СOVID-19га каршы эмдөөнү баштай элек. Дүйнөдө азыр COVAX программасынын алкагында жакыр өлкөлөргө коронавируска каршы вакциналар жеткирилүүдө. 2020-жылы Кыргызстан да бул уюмга коронавируска каршы 1 миллион 200 миң доза вакцина алыш үчүн кайрылып, колдоо тапкан. Ага ылайык Кыргызстандын 20% калкы эмделмек.

Кыргызстан COVAX программасынын алкагында "AstraZeneca" вакцинасын алмак, бирок анын натыйжалуулугу боюнча талкуулар күчөп кеткендиктен азырынча аны алууну токтотуп койду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев вакцинаны алуу үчүн клиникалык изилдөөлөрдүн үчүнчү этабын күтүү зарылдыгын, жалпы COVAX программасы менен 1,2 миллион доза вакцина алууга мүмкүн экенин айтты.

"Биз "AstraZeneca" чыгарган вакцинаны ала турган болгонбуз. Аны -18, -20 градуста сактаса болот экен. Мындай муздаткычтар бизде бар, жетпегендерин сатып алып жатабыз. Март айында бул вакцинаны алып, эмдөөнү баштамакпыз. Дания, Венгрия сыяктуу Европадагы өлкөлөрдө бул вакцинаны сайгандан кийин адамдардын абалы начарлап, өлүмгө учураган учурлар болду деген кабарлардан улам биз COVAX тутуму менен сүйлөшүп, мунун себеби аныкталгыча вакцинаны алууну токтотуп койдук", - деди Бейшеналиев.

Министр 19-мартта Кытайдан 150 миң доза вакцина келээри күтүлүп жатканын, Орусиянын "Спутник" вакцинасы да жакынкы күндөрү болуп калаарын кошумчалады.

СOVID-19 коркуткан жаңы түрү

Акыркы бир күндө Кыргызстанда вирус 98 кишиден жаңы аныкталды. Статистика боюнча бул 23-февралдан берки эң көп көрсөткүч. Акыркы күндөрдө илдетке чалдыккандар айыккандардан кыйла көп болууда.

Адистер вирустун жаңы түрүнөн чочулап турушат. 18-мартка карата өлкөдө коронавирустун мутация болгон жаңы штаммы табылган жок.

Алымкадыр Бейшеналие.
Алымкадыр Бейшеналие.

"Биз коронавирустун үлгүлөрүн Москва менен Новосибирск шаарларына мезгил-мезгили менен жөнөтүп турабыз. Бүгүнкү күндө көбүрөөк коркунуч жаратып жаткандары вирустун бразилиялык, британиялык жана түштүк африкалык түрлөрү болууда. Мутация болгон вирус Кыргызстанга баары бир келет, себеби биз башка өлкөлөр менен байланышта, алыш-катыштабыз. Бирок келсе дагы эмдөө баштагандан кийин, кечирээк келсе жакшы болот эле", - деди министр 18-мартта өткөн брифингде.

Министрликтин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан тартып оорудан кайтыш болгондордун жалпы саны 1485 кишиге жетти.

Пандемияда оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 87 143 кишини түздү. Анын 84 031и айыгып чыкты.

Азыр 347 киши ооруканаларда жатат. Анын 17синин абалы өтө оор, 85 кишинин акыбалы оор деп бааланган. 337 адам үй шартында дарыланууда.

Сабак жана сын...

Медицина боюнча адис Айбар Султангазиев пандемия кыргыз медицинасындагы көйгөйлөрдү ачык көрсөткөнүн айтып, буларга токтолду:

“Биринчиси - бул саламаттык сактоо системасы 20-30 жылдан бери бузулуп, оорукана, лаборатория, дары-дармектер жетишсиз экенин көрдүк. Экинчи көйгөй - башкаруу системасы жагынан биздин өкмөт, бийлик начар башкаруучу экенин көрсөттү. Кандайдыр бир чечимдерди кабыл алганы менен аны иш жүзүнө ашырууда чабалдык кылды. Баары даяр деп элди ишендирип, кийин эч нерсе даяр болбой канчалаган адамдарды жоготтук. Азыр деле баары бар, баары жетиштүү деп элди алдап келе жатат”.

Деген менен Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги Кыргызстанда коронавируска байланыштуу абал курчуп кетсе дары-дармек менен медициналык кызматкерлер үчүн жеке коргонуучу каражаттар 2 айга жетет деп ишендирүүдө.

Сузак: илдет тооруган оор күндөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:25 0:00

XS
SM
MD
LG