Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

Кытайда каза болгон кыргызстандыктын сөөгүн алып келүү аракети көрүлүүдө


2020-жылдын 22-ноябрында Кытайда каза болгон 58 жаштагы кыргызстандык жарандын сөөгүн Түркия аркылуу Кыргызстанга алып келүү маселеси каралууда.

Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна маркумдун кызы кабарлады.

Анын айтымында, сөөктү кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр аяктап калды, бирок авиакаттамдын күнү жана убактысы так белгилене элек. Жалал-Абад облусунун тургуну Кытайда эмгек миграциясында жүргөн.

Ал капилет кармаган жүрөк оорусунан улам каза болгон. Сөөгүн алып келүү үчүн жакындары түркиялык авиакомпанияга 13 миң доллардан ашуун каражат которгон.

Жалал-Абаддагы адам укугун коргогон "Справедливость" уюмунун маалыматына караганда, маркумдун сөөгүн Гуанчжоу-Стамбул-Бишкек каттамы менен алып келишет.

Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы жүргүнчү каттамдар бир жылдан бери ачыла элек. Буга COVID-19 пандемиясынан улам келип чыккан карантиндик чаралар себеп болууда.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 735 миң кыргызстандык тышкы миграцияга чыгып кеткен.

Алардын 640 миңден ашууну Орусия экени, Казакстан жана Түркияда 60 миңдей, Европа, АКШ, Жакынкы Чыгышта 20 миң, Туштүк Кореяда 15 миңдей мигрант бары расмий айтылган. (BCh)

XS
SM
MD
LG