Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:58

Саясатчы Адахан Мадумаров активисттерге куугунтукту токтотууну талап кылды


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров аталган партиянын активдүү мүчөсү Бекмурат Ооган уулун Facebook социалдык тармагында жазган пикири үчүн 16-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери кармап кеткенин жарыялады.

Мадумаров партиянын атынан тынчсыздануу билдирген расмий кат чыгарды. Анда Бекмурат Ооган уулу УКМКда сурак берип жатканы, он жылдан бери "Бүтүн Кыргызстан" партиясында мүчө экени жазылган.

«Буга байланыштуу "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы бийликти сындаган активисттердин кармалып жатканына терең тынчсыздануусун билдирет. Аны менен катар бийликтен саясий мотив менен куугунтукка алууну токтотууну талап кылат. Социалдык тармакта бийликке жакпаган пикир билдиргени үчүн укук коргоо органдары катаал чара колдонуп, басмырлоосун биз сөз эркиндигине болгон кысым деп түшүнөбүз. Шайлоо алдында активдүү жаштарды коркутуп-үркүтүп жаткан азыркы бийликтин мындай аракеттери өзүнө аброй алып келбейт», - деп жазган Мадумаров.

Айрым басылмалар Ооган уулу бүгүн, 17-мартта УКМК тарабынан бошотулганын кабарлоодо. Аталган мекеме бул маалыматты ырастай элек.

Активист Бекмурат Ооган уулу 1990-жылы Аксы районунда туулган. 2010-жылдан бери "Бүтүн Кыргызстан" партиясына мүчө.

Буга чейин 16-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы активист Тилекмат Кудайбергеновду "социалдык тармактарга жазган билдирүүлөрүндө бийликти күч менен басып алуу жана массалык башаламандыкка чакыруу белгилери бар" деген шек менен кармаган.

15-мартта милиция активист саясатчы Жеңиш Молдокматов жетектеген "Ханституцияга каршы" борборун тинтүүгө алган.

Мунун алдында, 15-мартта президент Садыр Жапаров «Азаттык» радиосуна курган маегинде Кыргызстанда саясатчыларга, журналисттерге жана активисттерге карата саясий куугунтук болбой турганын айткан. (BCh)

XS
SM
MD
LG