Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:37

Сот казакстандык активист Бокаевге коюлган чектөөлөрдү күчүндө калтырды


Макс Бокаев.
Макс Бокаев.

Казакстандын Атырау облустук апелляциялык соту 16-мартта активист Макс Бокаевдин өзүнө карата полиция департаменти койгон чектөөлөргө каршы арызын канааттандырган жок.

Казакстанда февралдын башында абактан чыккан жарандык активист Макс Бокаевге карата үч жылдык мөөнөт менен административдик чектөө салынган. Мындай чечимди Атырау соту 18-февралда кабыл алган.

Атырау шаардык полициясы активистке карата жети чектөө киргизүүнү соттон суранган. Ишти караган судья буга чейин Бокаевге төрт чектөөнү салуу чечимин чыгарган. Ага ылайык активист жакынкы үч жылда полициянын уруксаты жок Атыраунун аймагынан чыга албайт. Жашаган үйүнөн түнкү саат 10дон таңкы алтыга чейин чыкпашы керек, коомдук маанилүү маселелерди талкуулай албайт, көчөдө, аянттарда ал боюнча пикирин билдирүүгө тыюу салынат жана полицияга белгиленген мөөнөттө келип турушу зарыл.

Буга чейин беш жыл абакта жаза өтөгөн 48 жаштагы Макс Бокаев 4-февралда эркиндикке чыккан. Ал 2016-жылдын апрелинде жерди сатууга жана чет элдиктерге ижарага берүүгө каршы митингдер маалында кармалып, «араздашууну тутандырган» деген негизде кесилген.

Бокаев күнөөнү моюнуна албай, бийликтин куугунтугуна кабылганын айтып келет. Ал абактан чыккан соң тарапташтарына кайрылып, 28-февралдан тартып бир ай бою жекшемби сайын Казакстанда реформаларды ишке ашыруу талабы менен элди митингдерди уюштурууга чакырган.

XS
SM
MD
LG