Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

Бельгия Косоводогу согуш кылмыштары боюнча шектүүнү камакка алды


Косовонун адистешкен палаталары жайгашкан кеңсе. Гаага шаары, Нидерланддар.
Косовонун адистешкен палаталары жайгашкан кеңсе. Гаага шаары, Нидерланддар.

Бельгия бийликтери Гаагадагы Косово трибуналы тарабынан чыгарылган айыптоо корутундусунун негизинде согуш кылмыштарына шектелген албан тегиндеги кишини камакка алды.

Косовонун адистешкен палаталары мурдагы колбашчы Пьетер Шала (Pjetër Shala) мырзанын 16-мартта Бельгияда кармалгандыгын тастыктады. Эми ал Гаагадагы сотко өткөрүлүп берилүүгө тийиш.

Косово трибуналы Шала мырзага коюлган доолор боюнча толук маалымат берген жок, бирок кийинчерээк көбүрөөк маалымат жарыялана турганын билдирди. Шала мырза – Косовонун Боштондукка чыгаруу армиясынын (КБА) мурдагы колбашчысы.

Тасма. Коопсуздук кызматтары мурдагы косоволук албан колбашчысы Пьетер Шаланы камакка алды. Бельгия. 2021-жылдын 16-марты. (Албан тилинде).

Косовонун адистешкен палаталары КБАнын өкүлдөрү 1998–99-жылдардагы Косово согушунда оор согуш кылмыштарын жана адамзатка каршы кылмыштарды жасаган деген айыптоолорду атайын иликтөө үчүн түзүлгөн.

Ал Косовонун мыйзамына ылайык иш алып барат, бирок күбөлөрдү ар кыл коркутуулардан коргоо максатында Нидерланддардагы Гаага шаарында жайгашкан.


Сот жообуна тартылып жаткан башка айыпталуучулардын арасында Косовонун мурдагы президенти Хашим Тачи, парламенттин мурдагы спикери жана Косово Демократиялык партиясынын лидери Кадри Весели, Косовонун депутаты Режеп Селими жана парламенттин дагы бир экс-спикери Жакуп Красничи бар.

Косово Сербиядан көз карандысыздыгын 2008-жылы жарыялаган. Ал эми анда он жыл мурда, б.а. 1998–1999-жылдары, албан тегиндеги косоволук козголоңчулар расмий Белграддын күчтөрүнө каршы тынымсыз согуш жүргүзгөн.

Бул согуш НАТОнун 78 күндүк аба өнөктүгү сербиялык аскерлерди Косоводон сүрүп чыккандан жана аймакка эл аралык бейпилдик күчтөрү киргенден кийин гана аяктаган. Согуш маалында эгеменчил косоволук албандар тарабынан да ырайымсыз кылмыштар жасалгандыгы тууралуу доолор айтылып келет. (TT)

XS
SM
MD
LG