Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Косовонун премьери кылмыштуу топ менен байланыштырылууда


Хашим Тачини айыптаган докладдын долбоорун бир катар гезиттер басып чыгышты.
Хашим Тачини айыптаган докладдын долбоорун бир катар гезиттер басып чыгышты.

"Косовонун премьер-министри Хашим Тачи адам органдары жана маң заттары менен соода кылган кылмыштуу топту жетектеген" деген мазмундагы доклад 16-декабрда Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын комитетине сунушталмакчы.

Косовонун өкмөтү Тачиге тагылган айыптарды четке кагып, Косовону боштондукка чыгаруу армиясын каралоо жана жаманатты кылуу аракети деп сындады. Тачи 1990-жылдардын этегинде ошол армиянын лидери болгон.

Европа кеңешинин атайын баяндамачысы Дик Марти даярдаган доклад долбоорунун мазмунун бир катар маалымат каражаттары басып чыгарышты.

Анда азыркы өкмөт башчы Хашим Тачи 1990-жылдардын аягында Косовону боштондукка чыгаруу армиясын жетектеп турган кезде “Дреница” кылмыштуу тобунун ана башы болчу деп болжолдонот. Иликтөө мурдагы Югославия боюнча трибуналдын башкы прокурору Карла дел Понтенин китеби жарык көргөндөн кийин башталган. Прокурор Косовону боштондукка чыгаруу армиясынын жетекчилеринин иштерин тергөөгө ага тоскоолдуктар түзүлгөнүн, армия туткунга түшкөн сербдерди Албанияга алып кетип органдарын пайдаланчу деп жазган.

Мартинин докладында белгиленгендей, “Дреница” тобу адам органдары жана маң заттары менен мыйзамсыз соода кылган кылмыштуу уюмдар менен кызматташып келген.

Косово өкмөтү баяндама жала жабууну көздөйт деп, Мартиге каршы юридикалык жана саясий чара көрүлүшү мүмкүн деп эскертти. Расмий Приштина Европа кеңешинин мүчөлөрүн докладды четке кагууга үндөдү.

Тачинин партиясы жекшембиде парламенттик шайлоону жеңип чыккан.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров докладда келтирилген фактылар чын болуп чыкса, аны адамзатка каршы кылмыш катары кароо керектигин белгиледи: “Адам органдары менен соода кылуу жөнүндө маалыматтар көп жыл мурун эле пайда болгон. Эми, мен түшүнгөнүмө караганда, тиешелүү фактылар профессионалдуу деңгээлде иликтенди. Бул баяндама жабык докумнет бойдон кала бербеши керек”.

Россияда сапарда жүргөн Сербиянын башкы дипломаты Вук Йеремич Москва менен Белград сөз болгон окуяларга эл аралык коомчулуктун көңүлүн буга чейин эле тартууга аракеттенгенин айтты: “Бул доклад бүтүндөй цивилизациялуу дүйнө Косоводогу коркунучтуу реалдуулукту көз жаздымында карлтырбаш керек деген ишара кылат. Бүгүнкү Косово жөнүндө алардын лидерлеринен жыйынтык чыгарса болоорун доклад ачык көрсөттү. Косово маселесинде бир чечимге келишибиз керек”.

Сербия соту 1997-жылы Тачиге терроризм үчүн сыртынан өкүм чыгарган. Согуш кылмыштары боюнча Белграддагы трибуналдын басма сөз өкүлү Бруно Векарич Мартинин докладын Сербиянын “жеңиши” деп атады.

Косовону боштондукка чыгаруу армиясы 1998-99-жылдары Югославиянын ошол кездеги президенти Слободан Милошевичке лоялдуу күчтөргө каршы партизандык согуш жүргүзүп келген. 13 миңдей адамдын өмүрүн алып кеткен уруш аймакка Улуттар уюмунун башкаруусу киргизилиши менен аяктаган.

Мартинин айтымында, ал чогулткан маалыматтар Косовону боштондукка чыгаруу армиясындагы ички булактарга, айдоочулар менен жан сакчылардан баштап адам органдарынын соодасы менен алектенген майда топтордун лидерлеринин көрсөтмөлөрүнө негизделген. Баяндамада алардын ысымдары же канча киши кылмыштуу топтун колунан өлгөнү айтылган эмес.

Марти Тачиге Албания өкмөтү, атайын кызматтар жана мафия көмөктөшүп турганын ырастайт.

Доклад бейшембиде Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын адам укуктары жана кылмыштуулук комитетине сунушталат. Ал жакта жактырылса, документ Парламенттик ассамблеяга жиберилет.

XS
SM
MD
LG