Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:49

СОГУШ КЫЛМЫШТАРЫ ҮЧҮН АЙЫПТАЛГАН КАРАЖИЧ КАРМАЛДЫ


Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Европада орун алган эң ири кыргынды жетектеген адам 13 жылдан кийин колго түшүрүлдү. Босниялык сербдердин Балкан согушу учурундагы лидери Радован Каражич эми Гаагадагы эларалык трибунал тарабынан соттолот.

Каражич Европадагы Холокосттон кийинки эң ырайымсыз кыргынды уюштургандыгы үчүн 13 жылдан бери изделип жүргөн. Босния жана Герцеговинанын президиумунун төрагасы Харис Силажич «Азаттыкка» берген интервьюда Каражичтин кармалышын кубаттады:

- Адилеттүүлүк жай болсо да орноду. Босниялыктардын ошол кездеги аскерий башчысы Ратко Младич камала элек. Мен Каражич менен Младич кармалат деп ойлогон эмесмин. Бирок Младич да колго түшөт деп ишенем. Ал Сребреницадагы геноцид үчүн сот жообуна тартылыш керек.

Каражичтин кармалышы жөнүндөгү кабарды уккан Сараевонун жашоочулары түн ортосунда көчөлөргө агылып, майрамдашты. Босния жана Герцеговинанын баш калаасы 43 ай бою Каражичтин куралдуу күчтөрү тарабынан аткылоого алынып келген. Сараевонун курчоосу 12 миңдей кишини өмүрүн кыйган.
Мурдагы Югославия боюнча эларалык трибунал Каражичке ошол тукум курут саясат үчүн айып таккан. Ал ошондой эле Сребреница шаарчасындагы кыргынды уюштургандыгы үчүн жооптуу деп табылган. Ал жерде 8 миңдей мусулман эркек жана өспүрүм атып өлтүрүлгөн.

Каражич Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери кезектеги жыйынына чогулаардын алдында кармалды. Министрлер Сербиянын биримдикке кошулуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашмакчы. Биримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Хавьер Солананын ишениминде, Каражичтин колго түшүрүлүшү Сербиянын жаңы өкмөтүнүн Гаага менен кызматташуу ниетин далидейт:

- Серб бийликтери операцияны мыкты өткөрүштү деп ойлойм. Президенттик жана парламенттик шайлоо жакында эле өткөнүн эскерте кетейин. Жаңы бийлик Эларалык трибунал менен кызматташууга даярдыгын көргөздү жана мен бул жышананы кубаттайм.

Каражич менен Младичти кармоо аракеттеринен майнап чыкпай жатышы Евробиримдик менен Белград отосунда түзүлгөн Стабилдүүлүк жана кызматташтык келишиминин аткарылышына кедерги болуп келген эле.
Брюссель Сербиянын мүчөлүгү жөнүндөгү маселени кароо үчүн Белград өкмөтү Гаага трибуналы менен толук кызматташууга тийш деген шарт койгон.
Арийне, учурда биримдикке төрагалык кылган Франциянын тышкы иштер министри Бернар Кушнер бул маселеде азыр так бир нерсе айтуу эртелик кылат деп, «Младичтин эркиндикте кала беришин» баса белгиледи.

Сербиянын тышкы мекемесинин жетекчиси Вук Еремич болсо Белград эларалык мыйзамдарды аткарып жатат деп ырастады:

- Биз үчүн Европа биримдигине кошулуу олуттуу нерсе. Биз аны кечээ далилдедик. Биз биримдикке мүчө болгубуз келет, бейпилдиктин өлкөсү, регионалдык стабилдүүлүккө салым кошкон мамлекет болууну каалайбыз. Гаагадагы эларалык трибунал менен кызматташтык же Косово маселесинде суверенитетибизди коргоо болобу, биз тынчтыкты жана эларалык мыйзамдардын үстөмдүгүн урматтайбыз.

Соңку кабараларга ылайык, Сербиянын Согуш кылмыштары боюнча атайын соту Каражичти Гаага трибуналына өткөрүп берүү чечимин кабыл алды.

XS
SM
MD
LG