Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:21

КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫГЫ КҮТҮЛҮП ЖАТКАН КОСОВОГО ЕВРОБИРИМДИКТИН МИССИЯСЫ БАРАТ


Сербиянын провинциясы катары эсептелинип келинген Косово жекшемби, 17-февралда өзүнүн көз карандысыздыгын жарыялары күтүлүүдө. Бул тууралуу ишембиде провинциянын премьер-министри Хашим Тачи да ишара кылды. Мунун алдында Евробиримдиктин өлкөлөрү Косоводо 1800 адамдан турган миссиясын жайгаштырууну биротоло жактырды.

Евробиримдиктин Косово үчүн багытталып, кыскача EULEX деп аталган миссиясы 1800 чет элдик, 1000 жергиликтүү кызматкерден турат. Анын курамында полиция жана баажы офицерлери, прокурорлор, соттор бар. Алар көз карандысыздыгын мына–мына жарыялары күтүлүп жаткан Косоводо келерки аптадан тарта жайгаша баштары күтүлүүдө.

Миссия Косовонун институттары саясий кийлигишүүлөрдөн эркин шартта калыптанышына жардам бериши керек. Шаркеттин миссиясы ошондой эле мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу, коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, согуш кылмыштары үчүн шектелгендерди кармоо өңдүү сезимтал иштер менен да алектенет.

Миссиянын жайгашуу иши төрт айга созулуп, буга чейин Улуттар уюму аткарып келген функцияларды июнь айына карата толук өткөрүп алмакчы. Косово НАТОнун 1999-жылдагы аскерий операциясынан бери Улуттар уюму тарабынан башкарылып келинген.


Еврошаркеттин Косоводогу миссиясын Франциянын отставкадагы генералы Ив де Кермабон жетектейт, ал Нидерландиянын ардагер дипломаты Питер Фейт биримдиктин атайын өкүлү болот.

Евробиримдиктин миссиясынын курамында Косового эң көп өкүлүн Германия, Италия, Британия, Франция жиберүүдө. Анда шаркетке кирбеген Хорватия, Норвегия, Түркия, Швейцария, АКШнын кызматкерлери да бар.

Сербия мындай миссиянын жөнөтүлүп жатышын сынга алып, бул иш жүзүндө Косовонун көз карандысыздыгын тануу экенин белгиледи.

Бул аралыкта кечээ, ишемби күнү Косовонун премьер-министри Хашим Тачи диний лидерлер менен жолуккан соң алар Сербиядан көз карандысыздыгын мурда күтүлгөндөй 17-февраль, жекшембиде жарыяларын ишара кылды:

-Эртең тынчтыктын жана өз ара түшүнүүчүлктүн күнү болот. Косово жарандарынын эркин мамлекеттик тануунун күнү болот. Белграддагы бийликтер жараяндын жүрүшүнө таасир көргөзө албайт.

Косоводо азыр НАТОнун KFOR деп аталган күчтөрү жайгашкан. Бул күчтөрдүн командачысы, генерал – лейтенант Хавьер Бьют де Мэрнак кармагындагы аскерлер кандайдыр бир башаламандыкка жол бербесин айтып өттү:

-KFOR дээрлик толук жайгаштырылган жана алдыдагы бир нече күндө биз ишибизди күчөтөбүз. Мен баса белгилеп койгум келет, ушул күндөрү чыгышы мүмкүн кандайдыр бир провакацияга, ал албан тараптан же серб тараптан экенине карабай каршылык көргөзүлөт.

Айтор, АКШ жана Евробиримдиктин мүчөлөрүнүн көбү Косовонун көз карандысыздыгын колдоорун билдирүүдө. Сербия менен Орусия кескин каршы чыгууда.

Ушул жума күнү Сербиянын батышчыл президенти Борис Тадич кызматынын экинчи мөөнөтүнө расмий киришип жатып, парламенттеги сөзүндө Белграддын Косовонун үстүнөн суверенитетин сактоо үчүн күрөштү улантарын убада кылды.

Белград Косового каршы күч колдонуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарганы менен дипломатиялык жана экономикалык чараларды көрөрүн айтууда. Ушул бейшембиде серб өкмөтү атайын резолюция кабыл алган эле. Жума күнү Сербиянын мамлекеттүүлүк күнүндө сүйлөгөн сөзүндө премьер- министр Воислав Коштуница мындай деди:

-Мамлекеттин баардык институттары жана жарандары Косовону коргоодо бир болушу керек. Бул - биз бөлүнбөй турган жалгыз маселе. Сербиянын өкмөтү жалган Косово мамлекетинин түзүлүшүн азыр жана түбөлүккө тааныбоо жөнүндө кечээ тарыхый чечим кабыл алды.

Айтор ушу тапта, Приштинадан түшкөн кабарларга караганда, Косово калкынын көпчүлүгүн түзгөн албандар арасында майрамдык маанай өкүм сүрүүдө. Ал эми серб улутчуларда ишембиде Белградда нааразылык митингин өткөрүштү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG