Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:31

Косоводо Милошевич тууралуу мюзикл коюлду


“Слободан Шоу” музыкалык спектаклинен көрүнүш.
“Слободан Шоу” музыкалык спектаклинен көрүнүш.

Согуш кылмыштары үчүн 12 жыл мурун соттолгон мурдагы серб жана югослав лидери Слободан Милошевич театралдык мюзиклдин каарманына айланды. Чыгарма Косоводо коюлду.

Белграддык Елена Боговачтын “Слободан Шоу” деп аталган музыкалык спектакли мурунку президенттин аялы Мириана, кызы Мария жана уулу Марко менен болгон жеке мамилелерин сүрөттөйт. Мюзикл Косовонун Борбору Приштинанын жанында сербдер топтолуп жашаган Грачаница шаарында коюлду.

Бул иш-чара албан улутундагы косоварлардын кыжырына тийди. Милошевич бийликте турган кезде ал 800 000 албанды жашаган жеринен айдап, кагылышуудан 10 000 киши курман болгон.

2008-жылы Косово Сербиядан бөлүнүп чыккан, бирок азырга чейин Косовонун эгемендигин Сербия тааныбайт.

XS
SM
MD
LG