Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Президент Жерүйдөгү фабриканын ачылышына катышат


Жерүй алтын кени. Сүрөт 2017-жылы тартылган.
Жерүй алтын кени. Сүрөт 2017-жылы тартылган.

Президент Садыр Жапаров 17-мартта Таластагы Жерүй кениндеги алтын иштетүүчү фабриканын ачылышына барат.

Президенттин басма сөз кызматы буга чейин ачылышка Орусиянын президенти Владимир Путин телекөпүрө форматында онлайн катышарын билдирген.

Таластагы Жерүй алтын кени 1969-жылы чалгындалган. Бул кен алтындын өлчөмү боюнча Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки орунда турат. Геологиялык баштапкы иликтөөлөргө ылайык кенде 84 тонна алтын, 10 тоннадан ашуун күмүш бар экени кабарланган.

2015-жылы кен иштетүү укугу аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатылган. Мындай укук орусиялык «Орус платинасы» компаниясына таандык «Восток геолдобыча» ишканасына тийген. Анын карамагында «Алтын альянс» ишканасы түзүлгөн. Компаниянын аталган кенди иштетүүгө укук берген лицензиясы 2035-жылга чейинки мөөнөткө берилген.

2020-жылдын октябрь айындагы башаламандык маалында бул кенге белгисиз адамдар кирип барып, имаратын талкалап, өрттөп кетишкен. Ишкананын жетекчилиги анын кесепетинен кеминде 10-15 миллион доллар зыян тартканын билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG