Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 04:33

Абдирасулова: Ирактан келген балдардын таржымалы айтылбашы керек


Укук коргоочу Азиза Абдирасулова

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова - “Кылым шамы” уюмунун атынан Сириядагы, Ирактагы согуш аймактарда жүргөн аялдарды, балдарды Кыргызстанга кайтаруу жаатында иш жүргүзгөндөрдүн бири. Ал кыргыз бийлигинин Кувейт элчилиги жана ЮНИСЕФ уюму менен биргелешип, Ирактагы 79 баланы кайтаруусун кубаттады.

- «Кылым шамы» уюму эки жыл бою аялдар менен алардын балдарынын канчасы Сирия лагерлеринде, канчасы Ирак түрмөлөрүндө отурат – базаларын чогултуп, алардын Кыргызстандагы жакындарын таап, байланышта болуп турганбыз. Чогулткан маалыматтарды омбудсмен аркылуу Тышкы иштер министрлигине бергенбиз.

Мисалы, мен укук коргоочу Дмитрий Кабак менен бир апта Казакстанга барып иликтөө жүргүздүк. Расмий Астана кандай иштерди алып барып жатат, тууган-уруктары менен кандай иштешти, балдарды кандай алып чыкты, атайын операцияда кандай кыйынчылыктарга кабылды, Тажикстандын операциясы кандай өттү, кандай мүчүлүштүктөр болду, Өзбекстан 156 адамды биринчи жолу алып чыкканда Бакуга конуп, кандай кыйынчылыктарга кабылды – ошол маалыматтардын бардыгын өкмөттүн расмий өкүлдөрүнө берип турдук. Бирок, ошол убактагы бийликтин саясий эрки болбоду.

- Ирактан 79 баланы үч тарап биригип алып келиптир. Алар - Кыргызстандын бийлиги, Кувейттеги элчилик жана БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ-ред.). Ошол 79 бала толук көрсөткүч болбосо керек. Силердин эки жылдык эсебиңер боюнча канча бала бар эле?

- “Кылым шамынын” эсеби боюнча Ирактын түрмөсүндө 88 бала болуш керек эле. Балким жаңылып, кайталап санап алышыбыз да, Ирактын башка түрмөсүндө калышы да мүмкүн. Багдаддан башка түрмөдө да кыргызстандык аялдар кармалып турат, балким биз айтып аткан тогуз бала ошол жакта болуп калышы да мүмкүн. Так айта албайм.

- Сирия боюнча да иликтеп жүрөсүңөр. Сирияда жагдай кандай? Кыргызстандык канча жаран бар?

-Албетте так маалымат жок. Биздин эсебибиз боюнча 65-70 келин-кыз жана алардын балдары бар. Булар эки лагерде эле. Бирөө жок болуп кетти. Азыр алар “Аль-Хол” лагеринде.

- Булар кайсы учурда барып кайта албай калган жарандар болуп атат? Кийинки учурда баргандар деле азайды да.

- Акыркылар 2014-жылы кетишкен. 2015-жылдан баштап токтогон. Көп кеткендер 2012-2014-жылдарга туура келет. Жалпысынан буларды беш категорияга бөлүп жүрөбүз. Аялдардын арасында берилип кеткен радикалдар, күйөөлөрүн ээрчип, мажбур кеткендер, окууга деп алдангандар, балдарын алып келет элек деп артынан кетип, кайта албай калгандар бар. Орусиядагы мигранттар арасында андан ары жумуш издеп, алданып кеткендер бар. Булардын баарын эле колуна курал алгандар деп күнөөлөөдөн алысмын. Кыргызстанга келгенден кийин жергиликтүү мыйзамдар иштеши керек. Иликтеп, жоопкерчилиги болсо албетте, жоопко тартылышы керек. Бирок, эң негизгиси мамлекет реабилитацияга жардам бериши керек.

- Ирактан келген балдар кандай жардамдарга муктаж? Мисалы, бийлик, коомчулук кандай кол кабыш кыла алат?

- Жардам көп тараптуу болушу шарт. Эң биринчи жардам - документтерин калыбына келтирүү. Мисалы, бул жактан кеткен балдардын документтери сакталып калган эмес. Ошол жакта төрөлгөн балдарга, мисалы, Казакстан айылын атап отурбай эле туулган жери Казакстан деп жазылган документ беришти. Бизде деле саясий эрк менен ошондой документтештирсе болот. Ар тараптуу медициналык кароодон өткөрүп, ден соолугун караш керек.

Сирияга кеткен үй-бүлөсүн күтүп жүрүп үзүлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:30 0:00

Үчүнчүдөн, коомго адаптация кылыш керек. Мен билгенден лагердегилер деле, түрмөдөгүлөр деле өз эне тилин, кыргыз тилин жакшы билишет. Ошентсе да коомго, тилге көндүрүш керек.

Эң негизгиси -алардын коопсуздугу. Булардын ким экендиги тууралуу маалыматты коомго жайылтууга болбойт. Коом куугунтуктабай, тескерисинче, ордун тапканга жардам бериши керек. Үй-бүлөлүк жашоого акырындык менен көндүрүш үчүн булар түрмөдө калган апасы тараптан, атасы тараптан туугандарына барышы керек. Булардын айрымдары - апалары менен чогуу төрт жылдап түрмөдө отургандар.

- “Кылым шамы” аялдарды да алып келиш керек деп келатпайбы. Бизде кандай мүмкүнчүлүк бар?

- Бизде кыйынчылык болот. Ирак менен бизде Минск, Кишинев конвенциялары сыяктуу келишимдер жок. Ошондой келишимдердин жаңы формаларын түзүп, жаңы сүйлөшүүлөргө барыш керек. Аялдарды алып келсе, эне-бала маселеси чечилип калат. Эне деген эне, бала деген бала да. Бирок, бул бир күндө чечилбей турган маселе.

Бул, албетте, мамлекетке оор болот. Жеңил эмес миссия. Жоопкерчилик бар. Бирок, мен ыраазычылык билдирем. Үч жылдан бери кимдерге гана кайрылбадык. Саясий эркти көрсөтсө болот экен го. Ушуну бийлик акырына чейин чыгарат деп үмүт кылам. Эгер биз тараптан кандай жардам керек болсо, кол кабыш кылууга даярбыз.

Бул эки жыл мурун жасалыш керек эле. Ошол учурда акча да табылмак, мүмкүнчүлүк бар эле, пандемия жок болчу. Биз бир жарым, эки жылга кечиктик. Ошентсе да иштин башталышы жакшы.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG