Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:46

Президент Садыр Жапаров Аксы окуясында курман болгондорду эскерди


Президент 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл коюуда. Бишкек шаары, 17-март, 2021-жыл
Президент 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл коюуда. Бишкек шаары, 17-март, 2021-жыл

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтындагы 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл койду. Ошондой эле ал Аксы окуясынын 19 жылдыгына карата кайрылуу жолдоду.

"Аксы окуясы эгемендүү Кыргызстандын тарыхына демократияны коргоонун, мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн күнү катары кирди. Эзелтен эркиндикти туу туткан элибиз өлкөбүздө кландык башкарууга жол бербестигин ачык-айкын далилдеди. Чындык үчүн күрөшүү — чындыгында аябагандай опурталдуу да, оор да иш экенин мен жакшы түшүнөм!

Сиздердин эрдигиңиздер, майтарылбас эркиңер эч качан унутулбайт!

Адилеттик, эркиндик деп, өмүрүн берген аксылык эр-азаматтар Эркиналы Четимбаевдин, Кадыркул Сапаралиевдин, Медетбек Бекмуратовдун, Сатымбай Үркүнбаевдин, Советбек Тагаевдин, Элдияр Үмөталиевдин эстелигине таазим кылабыз.

Аксылыктарды колдоп, Бишкектен ачкачылык жарыялап, каза тапкан Шералы Назаркуловду эскеребиз.

Жарат алган, жаныбызда жүргөн Аксы окуясынын каармандарына тереӊ ыраазылык билдиребиз! - деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

Бул тууралуу президенттин расмий сайты кабарлады.

2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты киши курман болгон. Анда ошол кездеги президент Аскар Акаевге импичмент жарыялоо боюнча демилге көтөргөндөн кийин камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө тууралуу талаптар коюлган.

XS
SM
MD
LG