Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:47

Бир айлык ымыркай, 101 жаштагы карыя коронавирус жугузуп алды


Гүлжигит Аалиев
Гүлжигит Аалиев

Кыргызстанда коронавирус оорусу катталганына бир жыл болду. Пандемияда оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 87 143 кишини түздү.

Анын 84 031и айыгып чыкты. Бишкек шаарындагы жугуштуу оорулардын клиникасында 2020-жылдын 18-мартынан бери жети миңден ашуун адам коронавирус жугуп түшкөн.

Бул тууралуу аталган клиниканын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев маалымдады:

"Биздин ооруканада COVID-19 вирусу жуккан эң жаш бейтап - жыйырма күндүк ымыркай болду. Ал апасы менен кайрылып, ПЧР-анализинен вирус чыгып, дарыланып, айыгып чыгышты. Эң картаңы 101 жаштагы карыя ооруну жеңди. Азыркы тапта ооруканада 169 бейтаптын коронавирус анализи тастыкталып жатат. Алардын он биринин абалы өтө оор, 69у оор абалда".

Алиевдин айтымында, вирус жугуп, өлүмгө учураган учурлар мурда өнөкөт бөйрөк, жүрөк, кан тамыр оорусу барлар арасында арбын катталууда.
COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб 18-мартта билдиргендей, бир күндө вирус 98 кишиден жаңы аныкталды.

Статистика боюнча бул 23-февралдан берки эң көп көрсөткүч. Андан бери илдет күн сайын 20-60 кишинин тегерегинде аныкталып жаткан. 16-мартта вирус жугузуп алгандар кайра көбөйгөнү байкалды. Соңку бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор катталган жок.

Министрликтин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан тартып оорудан кайтыш болгондордун жалпы саны 1485 кишиге жетти. (BCh)

XS
SM
MD
LG