Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:05

Министрлик: Пандемия бүткөн жок, абал курчуса карантиндик чектөөлөр болот


Кыргызстанда коронавирус катталганына бир жыл болду.
Кыргызстанда коронавирус катталганына бир жыл болду.

Кыргызстанда коронавирус жугузуп алгандардын саны көбөйүүдө.

Абал курчуса, карантиндик чектөөлөр болушу ыктымал экенин саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары, башкы санитардык дарыгер Нурболот Үсөнбаев 18-марттагы брифингде билдирди. Анын айтымында, карантин боюнча чечимдер коронавирустун жайылышына жараша кабыл алынышы мүмкүн:

"Абалды курчутуп ийбеш үчүн өтө кылдат болуу зарыл. Пандемия бүткөн жок. Карантин чараларын киргизүү, чектөөлөрдү баштоо сыяктуу маселе эпидемиологиялык кырдаалга жараша каралат. Калктын саламаттыгы үчүн кооптуу абал түзүлсө, убактылуу чектөөлөр болушу мүмкүн. Азыр да чектөөлөр менен жашап жатабыз. Маселен, мектептерде окуучулардын бир топ бөлүгү аралыктан окууда".

Үсөнбаев ар бир кыргызстандыкты жоопкерчиликти толук түшүнүүгө чакырды. Беткап тагынып, санитайзер колдонуу зарылдыгын белгиледи.

Бүгүн Кыргызстанда коронавирус расмий табылганына туура бир жыл болду. 2020-жылы 18-мартта Кыргызстанда алгач ирет коронавирус жуктурган адам аныкталган.

Статистика боюнча акыркы суткада өлкөдө 98 адамда вирус жаңы аныкталып, каза болгон учур катталган жок.

Министрликтин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан тартып оорудан кайтыш болгондордун жалпы саны 1485 кишиге жетти.

Пандемияда оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 87 143 кишини түздү. Анын 84 031и айыгып чыкты.

Азыр 347 киши ооруканаларда жатат. Анын 17синин абалы өтө оор, 85 кишинин абалы оор деп бааланган. 337 адам үй шартында дарыланууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG