Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:43

Коронавирус бир күндө 98 кишиден аныкталды


Бишкек шаары. Февраль, 2021-жыл.
Бишкек шаары. Февраль, 2021-жыл.

COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб 18-мартта билдиргендей, бир күндө вирус 98 кишиден жаңы аныкталды.

Статистика боюнча бул 23-февралдан берки эң көп көрсөткүч. Андан бери илдет күн сайын 20-60 кишинин тегерегинде аныкталып жаткан. 16-мартта вирус жугузуп алгандар кайра көбөйгөнү байкалды.

Акыркы күндөрдө илдетке чалдыккандар айыккандардан кыйла көп болууда.

Соңку бир сутка ичинде коронавирустан каза болгондор катталган жок.

Министрликтин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан тартып оорудан кайтыш болгондордун жалпы саны 1485 кишиге жетти.

Пандемияда оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 87 143 кишини түздү. Анын 84 031и айыгып чыкты.

Азыр 347 киши ооруканаларда жатат. Анын 17синин абалы өтө оор, 85 кишинин акыбалы оор деп бааланган. 337 адам үй шартында дарыланууда. (NT)

XS
SM
MD
LG