Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:26

Кыргызстанда коронавирус катталганына бир жыл болду


Кыргызстанда коронавирус илдетинин алгачкы учуру 2020-жылдын 18-мартында катталган.

Алар Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып келген сузактын үч жараны экени маалым болгон. Бул адамдар менен байланышта болгон 300 адам дароо обсервацияга алынган.

Сузак району толук чектөөгө алынып, жарандар менен унаалардын кирип-чыгышына тыюу салынган. Көп өтпөй өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, илдетке байланыштуу бардык маданий иш-чаралар токтотулган.

2020-жылдын 25-марттынан тартып Бишкекте коронавируска байланыштуу өзгөчө абал киргизилген. Буга байланыштуу коомдук транспорттор, такси кызматтары толук токтоп, Бишкекке кире бериш жолдорго 36 блокпост орнотулган.

Июнь айынын этегинде Кыргызстанда СOVID-19 илдети күчөп, ооруканалар бейтаптарга толгон. Июлдун ортосунда вирустан бир күндө каза болгондор рекорддук чекке жетип 100 адамдан ашкан.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бул илдетти жугузуп алгандардын жалпы саны 87 миңден ашты. Айыгып чыккандардын саны 83 980. Оорудан каза болгондордун саны 1485 адам.

«Азаттык» радиосу маркумдардын ысымын өчүрбөй эстеп жүрүү үчүн «Пандемия: Кимди жоготтук?» деген тизме түзгөн. Тилекке каршы, тизме ушул күндө да толукталууда. (MiK)

XS
SM
MD
LG