Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

Зайырбек Ажыматовдун өмүр таржымалы тууралуу спектакль көрүүчүлөргө тартууланды


Акын жана журналист, маркум Зайырбек Ажыматовдун өмүр таржымалына арналган спектакль 17-мартта Бишкектеги Чыңгыз Айматов атындагы орус драма театрынын сахнасында коюлду.

"Жүрөктөгү бороон" деп аталган поэтикалык драманы Сайра Батыркулова жазган. Пьесаны "Учур" жаштар театры даярдады. Режиссеру - Чыңгыз Мамаев.

Пьеса бүгүн 18-мартта да болот.

«Азаттык» радиосунда маданият темасындагы окуяларды чагылдырып иштеген акын Зайырбек Ажыматов 2020-жылдын 28-апрелинде 44 жаш курагында капилет оорудан улам дүйнөдөн кайткан.

Акындын калеминен «Жалгыздык» (1996-ж.), «Мелмил» (2005-ж.), «Нөлү көп жылдар» (2011-ж.), «Жүрөктөгү бороон» (2019-ж.) ыр жыйнактары жарык көргөн.

Анын ырларына обончу-композиторлор обон жаратып, эл арасында ырдалып жүрөт. Ажыматовдун чыгармачылыгында мекенчилдик, жарандык бийик сезим, көтөрүңкү маанай өзгөчө орунду ээлейт. (MiK)

XS
SM
MD
LG