Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-декабрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Кош, АКЫН...


Зайырбек Ажыматовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты. 1-май, 2020-жыл

Белгилүү акын, «Азаттык» радиосунун кабарчысы Зайырбек Ажыматовдун сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Чыгаан акын Зайырбек Ажыматов 29-апрелде кан басымы түшүп, ооруканада каза тапкан. Маркум менен коштошуу зыйнатында ыйга аралаш, акындын ырлары да жаңырып турду.

Адеп сөз алган маданият министри Азамат Жаманкулов кыргыз адабиятынын, кыргыз маданиятынын канаты кайрылып, калеми сынып оор жоготууга учураганын айтып, чогулгандарга көңүл айтты.

Андан кийин сөз алган Эл жазуучусу Султан Раев президент Сооронбай Жээнбековдун Ажыматовдун жакындарына айткан көңүл айтуусун жеткирди. Акындардын өлүмү адамды, талантты убагында баалай билгиле деген эскертүү экенин белгиледи.

Султан Раев.
Султан Раев.

"Белгилүү акындар Турар Кожомбердиев, Тургунбай Эргешов, Александр Блок 50 жашка жеткен эмес. Зайырбек жердин улуулугун эрте сезип алды. Чындыкка баш ийип, ошого кызмат кылды. Элмирбек Иманалиев көзү өткөндө Зайырбек барып, чыныгы дос кандай болорун көргөздү эле. Экөө бир куштун канатындай эле. Ошол интервьюдан кийин Зайыр мага “Мен ушундай күйүп турам, биз эмнеге ушундайбыз?” деген суроо берди. Мен кийин сүйлөшөлү дедим. Ошол суроого жооп бере албай калам. Азыр ойлонуп турам. Биз жана айткан Жолондун, Турардын, Таттыбүбүнүн дүйнөдөн эрте өтүшүнө себепкер болуптурбуз. Аларды сөз кылган экенбиз. Сөз менен адамды көкөлөтсө болот, сөз менен адамды өлтүрсө болот. Зайырбек да, Элмирбек да бизге адамдар бири-бирибизди баалайлы деген керээз калтырып кетти. Зайырбектин ырлары эмне деген ырлар. Өзүнүн арманын жазып кеткен экен. Эми анын экинчи өмүрү 6 миллион элдин жүрөгүндө жашай баштайт. Зайырбек бекеринен нөл деп жазган эмес. Нөл деген бул жок деген сөз эмес, нөл деген бул чексиздик...".

Эл акыны Шайлообек Дүйшеев кыргызга таланттар топ-тобу менен келип, топ-тобу менен кетерин айтты. Зайырбек акындын өзүнүн, өлкөнүн тагдыры тууралуу күйүп-жанып жазган ыр саптарын окуп жатканда коштошууга келгендер көз жашын тыя албай турушту.

"Бизде айтышчу, жазышчу, макташчу: “Кыргызга таланттар топ-тобу менен келет” деп. Бирок алардын качан кетерин, кандай кетерин, ошол топ-тобу менен келген ырыс-кешиктүү, эли-жерине кереги тие турган уул-кыздардын кайрадан топ-тобу менен кетерин эч кимибиз элес албаптырбыз.

Арстанбек бабаң “Алам деп ажал келгенде, кыямат кезде дос болгон, кырылар кезде ок болгон, эй, ажал, эми сеп ал деп, досумду албай, мени ал деп досуң да түшпөйт арага” деп ырдаган эле.

Зайырбек, Арстанбек бабаңдын ушул керээз ырын мен, Элмирбек менен коштошуп жатып, “Азаттыктын” сайтына илдирдим эле. Сен муну албетте окугансың, окубасаң балким башкача болот беле, айта албайм. Бирок, сен, Арстанбек абаңдын ушул ырына өчөшкөнсүп, “Кегиң бар болсо кек ал деп, Элмирбек кеткен тарапка, эй ажал, сенден коркпоймун, керегим тийсе мени ал" деп досуңдун жанына кете бердиң... Балким караңгы жайда жалгыз жаткан Элмирбек коркпосун дегендирсиң... Элмирбекти жайына берген күндүн эртеси сага чалдым эле: “Зайырбек, эми кайрат кыл, өзүңдү сакта, биз эми Элмирбекти эч качан тирилтип ала албайбыз” деп. “Макул” деген элең... Бирок андай болгон жок. Биз эми сени дагы кайрадан тирилтип ала албайбыз...”.

Шайлообек Дүйшеев.
Шайлообек Дүйшеев.

Ал эми Жазуучулар бирлигинин төрагасы Нурлан Калыбек көз жашка муунуп сүйлөй албай, Зайырбек Ажыматов сыяктуу чыгармачыл инсандар көз жумганда гана бааланып, башка убакта көңүл сыртында калып кеткенине кейиди.

"Зайырбек ыйы болобу, кубанычы болобу биз менен бөлүшөр эле. Илгери группалашыбыз Калмурат Рыскулов өлгөндө көтөрүп кеттик эле. Жаш экенбиз. Билем акын деген өтө сезимтал болот. Зайырдай болбогула. Элмир деп күйүттөн эле кетип калды. Акындан бирөө тирилигиң эмне болуп атат деп сурап койбойт экен. Эл жакшылары билем, жыйнаган байлыгыңар бала-чакаңарга, тууган-уругуңарга калат. Ал эми калем кармаган атуулдардын чыгармалары улутка калат. Биз дүйнөгө атагы чыккан Айтматов, “Манас” эпосу менен мактанабыз. Ошон үчүн калем кармаган инилер өзүңөрдү сактагыла...".

Акын ыр менен узап кетти...
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:01 0:00

Ажыматовдун досу, акын Мирлан Самыйкожо жалпы элге "Акынды Ый менен эмес, Ыр менен узаталы” деп кайрылды.

“Тирилик деп эмес, бирдик деп соккон жүрөк токтоду. Уруу деп эмес, улут деп соккон жүрөк токтоду, турмуш деп эмес, кыргыз деп соккон жүрөк токтоду. Жүрөк токтоду бирок, өмүр токтогон жок! Заке биз сизди ый менен эмес ыр менен узатабыз.

Андан кийин Зайырбек акындын сүрөтүн, ага арналган гүлчамбарды кармап, тизилип турган жаш калемгерлер Мирлан Самыйкожону коштоп ыр окушту.

Көтөр башты улутташым, кандашым,
Көкүрөктө улуу намыс кайнасын.
Ар бир кыргыз аманаты Манастын,
Хан тукуму кулга айланып калбасын!

Акындын ырлары жаңырып, жерде эл коштошуп турган так ушул маалда асманда ак куштар айланып учуп жүрдү...

Зайырбек Ажыматовду акыркы сапарга узатуу үчүн карантинге карабай калың эл келди. Ала-Арча көрүстөнүнө барып топурак салышты.

Маркум менен коштошууга барган саясатчы Камчыбек Ташиев акын тирүү кезинде даңкталбай калганына кейиди.

“Заке кыргызга керек эле, дагы көп чыгарма жаратса болот эле. Зайырбектин буга чейинки жазып кеткендери дастан болуп калат. Залкарлар өтүп кеткенде таланттар даңкталбай калды деп сүйлөйбүз. Чынында Зайырбек кыргызды даңктагандай, кыргыз Зайырбекти даңктаган жок”, - деди Ташиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков акындын сөөгү жерге берилгенден кийин чыгармачыл адамдарга кам көргөн демөөрчүлүк иши өнүкпөй жатканын, андай шарт түзүү үчүн мыйзамдык негиздер керек экенин айтты:

"Кыргыз эли Зайырбек Ажыматовду кыргызды сүйгөн, кыргыз деп күйгөн жалындуу ыр саптары аркылуу билишти. Сөзүнүн табы, тактыгы менен элге алынган акын болду. 44 жаш бүгүнкү адам баласынын жашы үчүн анча узак эмес. Албетте, турмушунда жараткан эмгеги, элди ойготкон иши үчүн Маданиятка сиңирген ишмер наамын алып калганы жагымдуу көрүнүшкө кирет. Зайырбек акындардын ичиндеги акыны, дандуусу, ирдүүсү катары кыргыз маданиятында көзгө өзгөчө көрүнүп турган жигит болчу. Жана акындарга кам көрүлбөй калды деп айтышты. Бирок капиталисттик мамлекетте баары башкача экен. Биздин экономиканын чабалдыгы, жардылыгы ушундай таланттардын көз жаздымда калышына себепчи болуп атат. Мамлекеттин жардылыгына карабай чыгармачыл адамдарга жардам берген мыйзамдарды кабыл алыш керек. Кыргызстанда маданиятты өнүктүрүүгө демөөрчүлүк өнүкпөй жатканын, демөөрчүлүктү өнүктүрүүгө мыйзамдык негиздер керек экенин бүгүнкү кырдаал көргөзүп турат".

Акын Жедигер Саалаев Зайырбек Ажыматов кыргыз акындарынын ичинен жөнөкөйлүгү, эл көргөн теманы башкача өңүттөн караган новатор акын болгонун белгиледи. Акыркы жолу жазышкан СМСти ачып, акындын үнүн угузду.

"Зайырбекти мен студент кезинен бери билем. Ал кезде мен КУУнун журналистика факультетинде кафедра башчысы элем. Аксыдан менин мурдагы бүтүрүүчүм алакандай кат жазып бериптир. "Агай, ушул жигитке көз салып койсоңуз. Таланттуу жигит бирок жетим, каралашар кишиси жок" деп жазыптыр. Өзү менен сүйлөшүп, аңгемелешип, кол жазмаларын карап көрүп, жагдайын түшүнүп кабыл алдык эле. Зайырбектин убагында адабий ишмердүүлүк деген бөлүм ачканбыз. Ошол жерге окуганы акындык жолунун уланып кетишине негиз болду. Биринчи китеби студент кезде чыкты. 10-жатаканага чакырып кол тамгасын жазып берди эле. "Бардык гениалдуу нерсе жөнөкөй" деген учкул сөз бар эмеспи. Зайырбектин гениалдуулугу ошол жөнөкөйлүгү болду. Оор темага кайрылса да элпек тил менен жазып, масштабдуу ой жүгүрткөнү менен айырмаланып турчу. Ырларын окусаң ойлору так, терең, жасалма шөкөттөн алыс. Ушундай новатор акын эле. Медианын бардык тармагында иштеди. "Азаттыкка" барганда да катуу такшалды. Акыркы жолу жасаган макаласында мага "Вотсаптан" билдирүү жазды эле. Айла жок бүгүн түбөлүк жайга узатып жатабыз".

Зайырбек Ажыматовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты. 1-май, 2020-жыл
Зайырбек Ажыматовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты. 1-май, 2020-жыл

Зайырбек Ажыматов бир катар акындардын шакирти, бир даарынын устаты болгон. Поэзия айдыңында жаңыдан чыгып келе жаткан Акбар Кубанычбеков акын шакирттерине жол көрсөтөр маалында көз жумагына кабыргасы кайышып турду.

"Менин алгачкы "Периштенин канаты" аттуу ыр жыйнагыма алгачкы баш сөздү Зайырбек агай жазган. Адабиятка жаңыдан аралашып, поэзия эмне экенин түшүнбөгөн кезде 70тей ырымды топтоп алып редакциясына барып, "баш сөз жазып бербейсизби" деп кайрылдым да. Баш сөзгө жазылган темасы да бир сонун чыккан. "Ыр болгон жерде кир болбойт. Абалтадан жердин жүзүн жаш акындар периштедей аруулап, нурлап келет. Ошол сыяктуу ийгилик каалайм" деген. Ошол ийгилиги, берген батасы менен жолун улап келе жатабыз. Өзү "Ыр болгон жерде кир болбойт" деп айткандай, акын ушул кир жашоодон, ушак толгон жашоодон чарчап акка моюн сунуп кетти. Ырдын түйшүгүн, достуктун түйшүгүн моюнга албаганда дагы узак жашайт беле деп ойлойм".

Ал эми иниси Улан Зайырбек акын кыргызга чыгаан уул болсо, үй-бүлөдө мыкты ата, мыкты ага, туура жол көрсөткөн тууган болгонун эскерди.

“Мени ини эмес, дос катары тарбиялады. Дүнүйнө жыйнаган эмес. Анын “Акын ыр жазбайт, ыр акынды жазат” деген сөзү бар эле. Чала-була ыр жазып калсам “Улан ыр жазганда этият бол, ыр тагдырыңды жазып койбосун” дечү. Жакшы ырларды жаз дечү. Кечээ Эмирбек агабыз өткөндө өзүнүн тагдырын жазып коюптур...".

Акынды эскергендер Зайырбек Ажыматов менен он күн мурда каза тапкан ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевдин достугун даңкташты. “Ала-Арча” көрүстөнүндө бири-бирине жакын коюлган таланттардын арбагына багыштап куран окушту.

Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы «Асаба» гезитинен баштап, «Кыргыз Туусу», «Бишкек таймс» гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында, «Жаңы Агым» гезитинде иштеген.

«Жалгыздык» (1996-жыл), «Мелмил» (2005-жыл), «Нөлү көп жылдар» (2011-жыл) жана «Жүрөктөгү бороон» (2019-жыл) ыр жыйнактарынын автору. Төртүнчүсүн чыгаруунун камылгасын көрүп жүргөн эле.

2019-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери наамына ээ болгон.

«Азаттык» радиосунда 2014-жылдан бери эмгектенип жаткан.

2020-жылы 29-апрелде кан басымы түшүп, ооруканада каза тапкан акындын артында жубайы, эки уул, эки кызы калды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Пикирлерди көрүңүз (13)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG