Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:09

Байден: Киберчабуулга Орусиянын кыйыр тиешеси бар


Жо Байден
Жо Байден

АКШнын президенти Жо Байден "Colonial Pipeline" компаниясына коюлган киберчабуулдарга “Орусиянын кайсы бир деңгээлде жоопкерчилиги бар экенин” билдирди. Ал 10-майда компанияга хакердик чабуулдарга Орусиянын түздөн-түз катышы тууралуу далилдер жоктугун, бирок хакерлер же алар колдонгон программалар Орусиянын аймагында болгону тууралуу далил бар экенин айтты.

“Алардын дал ушул маалыматтарды териштирүү жаатында жоопкерчилиги бар”,-деди Байден.

Кошмо Штаттардын президенти июнь айында орус лидери Владимир Путин менен жолугушуу планы күчүндө экенин дагы бир жолу ырастады.

Байдендин акыркы билдирүүсүнө Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жооп кайтарып, бул хакердик чабуулга Орусиянын эч тиешеси жок экенин айтты.

АКШнын чыгыш аймактарын күйүүчү май менен камсыз кылган "Colonial Pipeline" компаниясына киберчабуул 7-майда болгон. Компаниянын компьютердик системасына вирус киргизилген. Ишкананын түтүктөрү азырынча калыбына келтире элек.

XS
SM
MD
LG