Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июль, 2021 жума, Бишкек убактысы 16:04

Путин менен Байден жолугушту


АКШ президенти Жо Байден менен Орусиянын лидери Владимир Путин. 16-июнь, 2021-жыл. Женева

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден менен Орусиянын лидери Владимир Путиндин жолугушуусу Швейцариянын Женева шаарында өттү. Бул Байден мамлекет башына келгени эки лидердин алгачкы көзмө-көз кездешүүсү.

Хан сарайдагы жолугушуу

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден менен Орусиянын лидери Владимир Путиндин жолугушуусу Женевадагы 18-кылымга таандык хан сарайда болду. Мамлекет башчыларын Швейцариянын президенти Гай Пармелин тосуп алды.

Эки лидердин сүйлөшүүсү төрт саатка созулду. Жолугушуу La Grange хан сарайындагы булгары мукабалуу байыркы китептер сакталган залда уюштурулган. Ал жактан кытай, француз, перс жана түрк тилиндеги эмгектерди да тапса болот.

Женевадагы коопсуздукту 3000-3500дей полиция менен аскер күчтөрү камсыздап турушту.

Орус лидери Жо Байден кездешүүдө «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун орус кызматы тууралуу маселени көтөрдү деп айтты.

Путин радиого байланыштуу маселени «Тышкы иштер министрлиги аркылуу чечсе болорун» билдирип, чоо-жайын тактаган жок.

Кремль «Радио Свобода» мекемесин «чет элдик агенттердин» тизмесине киргизген. "Роскомназдор" ушул жыл башынан бери «мыйзам бузду» деген шылтоо менен сотко беш жүздөн ашуун протокол жиберген. Анын алкагында радиого ар кандай айып пулдар чегерилген.

Май айынын башында орус бийлиги “Радио Свобода” мекемесинин банк эсептерин камакка алган. Ошол эле күнү айып пул төлөбөгөнү үчүн сот чечимин аткартуу боюнча чара көрүлөрүн эскерткен. Айып пул төлөнбөсө, медиакорпорациянын сайттары Орусиянын аймагында блоктолору буга чейин айтылган.

“Радио Свобода” альтернативдүү маалымат бергени үчүн орус бийлиги куугунтуктап жатат деп эсептейт.

14-майда “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай компания Кремлдин чындыкты айткандарды цензуралоо аракетине каршы күрөшөрүн белгилеген.

“"Радио Свобода” мекемесинин журналисттери мекендештери жалган кабарларга, калпка толгон жашоого көнбөшү үчүн көз карандысыз маалыматтарды берип келет. Биздин үнүбүздү баса алышпайт”, - деп билдирген Флай.

Эки башчы жолугушкан хан сарайда 1985-жылы Советтер Союзунун лидери Михаил Горбачев менен АКШнын президенти Рональд Рейгандын кездешүүсү өткөн.

АКШ менен Орусиянын чыңалган алакалары

Жараян Вашингтон менен Москванын алакасы "кансыз согуштан" берки эң эле чыңалып турган маалга туш келди. Муну эки лидер тең буга чейин мойнуна алышкан.

Бир нече күн мурда NBC каналына курган маегинде Орусиянын президенти "Соңку жылдары биздин эки тараптуу алакалар эң төмөнкү деңгээлге чейин жетти", - деп айткан.

Үч айдай мурун Байден Путинди "киши өлтүргүч" деп сыпаттагандан кийин Орусия АКШдагы элчиси Анатолий Антоновду чакыртып алган. Андан кийин АКШнын элчиси Жон Салливанга Москва Вашингтонго кеңешмеге барууну сунуш кылып, ал мекенине кайткан.

Соңку жарым жылда Кошмо Штаттар эки жолу орус аткаминерлерине санкция киргизген. Буга Москванын АКШ президентинин шайлоосуна ыктымал кийлигишүүсү, Solar Winds компаниясына жасалган киберчабуул, оппозиция лидери Алексей Навальныйдын ууландырылышы жана камалышы түрткү болгон. Кремль адаттагыдай эле бул дооматтардын баарын четке кагып келет.

Ар кандай риторикаларга карабай Ак үй менен Кремль кайсы бир тармактар боюнча кызматташууга ачык экенин бир нече жолу билдиришти.

"Эгер Путин кааласа, биз кызматташа ала турган тармактар бар экенин ага жеткиргим келет. Эгер ал бирге иштешүүнү тандабай, киберкоопсуздук жана башка жагдайлар боюнча мурункудай эле өзүм билемдигин кыла берсе, биз жооп кайтарабыз. Биз өзүнө жараша жооп беребиз", - деген Байден Женевага аттанар алдындагы маалымат жыйында.

Байден кызматка келгени Өзөктүк куралдарды көзөмөлдөө жаатындагы келишимдин мөөнөтүнүн узартылышына макул болгон жана "Түндүк агым-2" газ куурунун курулушуна вето коюуну четке каккан.

Расмий айтылгандай, эки лидер курал-жаракты көзөмөлдөө, киберчабуул, тыңчылык, климаттын өзгөрүүсүнө жана COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү маселелерин талкуулай турганы да буга чейин кабарланган.

Мурда Байден орусиялык оппозициячы Алексей Навальныйдын ууландарылышы үчүн Кремлди сынга алып, анын бошотулушун орус бийликтеринен талап кылып келген. Бир күн мурда кокустан Навальный түрмөдө көз жумса, Орусия дээрлик бардык мамлекеттер менен алакасын такыр бузуп аларын эскерткен.

Кремль Навальныйдын ууландырылышына тиешеси жок экенин айтып, анын камалышын мамлекеттин ички иши катары жүйө кылып келет. Ошондой эле, Украина маселеси да талкууланары боолголонуп жатат. Орусия 2014-жылы Крым жарым аралын аннексиялап алып, Украинанын чыгышындагы жикчилдерге колдоо көрсөтүп келет. Бул үчүн да Москва бир катар эл аралык санкцияларга кабылган.

Ошентсе да Женева жолугушуусунан Америка да, Орусия да, Европа да эч кандай жылыштарды күткөн жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG