Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Евробиримдик АКШнын эмделген жарандарына эшигин ачты


Евробиримдик COVID-19 пандемиясына каршы толук эмдөөдөн өткөн АКШ жарандары үчүн Европага барууга мурда киргизилген чектөөлөрдү толугу менен алып салды.

Бул тууралуу Bloomberg сайты жазып чыкты.

Америка менен бирге эле бул “ак тизмеге” Албания, Гонгконг, Ливан, Макао, Түндүк Македония, Сербия жана Тайвань киргизилди.

Мына ушул өлкөлөрдүн жарандары эмделгенден кийин Евробиримдиктин аймагына эркин кире алат. Евробиримдиктин ар бир өлкөсү бул тизмедеги эмделе элек адамдарды киргизүү же андан баш тартуу чечимин өз алдынча кабыл алат.

Мындай эрежелер жакында бир нече күндөн кийин расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG