Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июль, 2021 жума, Бишкек убактысы 17:37

Энергетиканын түркүгү “Токтогулда” суу аз


“Токтогул” ГЭСин суу менен камсыздаган суу сактагыч.

Кыргызстандын эң башкы “Токтогул” ГЭСинде суунун көлөмү 10,8 млрд. кубга жетти. Бирок бул баары бир былтыркыдан 2-3 млрд. кубга аз.

Жаратылыштагы суу азайган табыгый кубулуштан улам чөйчөккө суунун толушу бир-эки жылдан бери кемип жаткан. Быйыл кыштан ал болгону 8,6 млрд. куб көрсөткүч менен чыккан.

Кыргыз бийлиги коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын сатып алуу менен аны көбөйтүүгө аракет кылууда. Бирок парадоксал жагдай, аларга кайра ток бериш үчүн сууну дагы агызууга туура келүүдө.

“Азаттыктын” кабарчысы атайын пресс-тур менен ""Токтогул" ГЭСине барып келди.

Абал менен таанышуу

Демек, коомчулуктагы күбүр-шыбыр кептерге жана кооптонууларга байланыштуу Энергетика жана өнөр жай министрлиги журналисттерди “Токтогул” гидроэлектрстанциясына чакырды. Борбордон чыккан кабарчылар тобу алгач станциянын иши менен тааныштык.

Станциянын диспетчердик кезмет башчысы Улан Матисманов суунун көлөмүн учкай айтып өттү:

“Биз бул экрандар аркылуу активдүү кубаттуулукту, реактивдүү кубаттуулукту жана чыңалууларды карап турабыз. Суунун келишин жана чыгышын көзөмөл кылабыз, ар бир саат сайын белгилеп турабыз. Кандайдыр бир кемчиликтер болсо биздин панелге чыгат, ошого карап чара көрөбүз. Өзүңүздөр көргөндөй, ГЭСте эки машина – биринчи жана үчүнчү агрегат иштеп жатат. Суммалык жүгү 580, чыгаша 412. Видеокамера тарткан кадрдан байкалгандай, суунун чеги кечээ 865.37 болчу, бүгүн 865.51 деп турат. Бул деген суу бир суткада 14 сантиметрге же, 30 млн. кубга көбөйдү деген сөз”.

Диспетчердин экраны.
Диспетчердин экраны.

Журналисттер андан ары көтөрүлүп, курулманын үстүңкү бөлүгүнө чыктык. Адистик эсеп башка, бирок өз көзүң менен көргөн андан башкачараак.

Ошентсе да энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев гидроэлектрстанцияны суу менен камсыздаган кампадагы көрсөткүчтөрдү чечмелеп берди.

“Суунун үстүндөгү сызык болуп турган жер бул 19,5 млрд. куб суу толуп турган учур. Чөйчөккө суу толук толгондо так ошол боз изге чейин жетет. Бүгүнкү күнү суу 10 млрд. 874 млн. куб метр болуп турат”.

Арийне, беш-он жылда кайталанып туруучу суу азайган циклден улам бир-эки жылдан бери суу анча чогулбай жаткан. Ошол себептүү быйыл кышта “Токтогулда” суу кескин кыскарган эле. Жазга чукулдап анын көлөмү 8,5 млрд. кубга чейин түшкөн.

“Токтогул” суу сактагычы.
“Токтогул” суу сактагычы.

Тиешелүү министрлик электрди пайдалануу ушул шартта улана берсе келерки жылдарга суу 5-6 млрд. куб метрге чейин түшүп калышын эскерткен. Андай болсо ГЭС өзү авариялык абалга кептелмек.

Ушундан улам Кыргызстан быйыл Казакстандан 900 миллион, Өзбекстандан 750 миллион кВт/саат ток алууну макулдашкан. Келишимге ылайык, өкмөт муну жай айларында кайра электр түрүндө кайтарып бериши керек. А электр энергиясын өндүрүү бул кайра сууну агызуу менен камсыздалат.

Башкача айтканда, суу тартыштыктын азабынан чыгуу үчүн Кыргызстан коңшуларга сууну да берүүгө аргасыз. Албетте, ал бош агызылбайт.

Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев:

“Биз азыр өзүбүзгө керектүү электр энергиядан сырткары Казакстанда, Өзбекстандан узаган кышта алган жана келерки күз-кышта ала турган электрди да аларга кайтарып беришибиз керек. Ошол себептүү 1-июндан 1-сентябрга чейин биз аларга электр түрүндө, анан аны өндүрүү үчүн кеткен сууну да берип жатабыз. Үч жыл ушундай болот - быйыл, эмдиги жылы жана наркы жылы. 1-сентябрда бул токтойт, андан кийин биз алардан электр энергиясын ала баштайбыз. Демек, ошондо суунун шлюздары түшөт, сууну коё берүү азаят. Көбөйгөн керектөөнү коңшулардын эсебинен жаба баштайбыз”.

Доскул Бекмурзаев журналисттерге маек берип жатат.
Доскул Бекмурзаев журналисттерге маек берип жатат.

Кыргызстан өзүнө да электр энергиясын өндүрүү үчүн жана жаратылыштын мыйзамдарын бузбаш үчүн сууну коңшу өлкөлөргө ансыз деле жыл сайын коё берет. Болгону быйыл кошумча агызууга аргасыз болуп жатат.

Ошол эле мезгилде Энергетика министрлиги “сатылып жатат” деген түкшүмөл кептерди толук төгүнгө чыгарат. Станциянын жетекчилиги да жаратылыш байлыгын соодалап жиберүү мүмкүн эмес экенин, ага техникалык да, мыйзамдык жол жок экенин билдирет.

“Токтогул” ГЭСтер каскадынын жетекчиси Тимурлан Кармышов кепке кошулду:

“Мен 30 жылдан бери ушул “Токтогул” ГЭСтер каскадында иштеп келе жатам. Ошондон бери эле суу аз болгон жылдары "сууну сатып жибериптир" деген сөз чыгып келатканын көрүп келем. Бул жаратылыштын цикли, аны эч ким өзгөртө албайт. Жети-сегиз жылда ал баары бир азайып турат. Быйыл да ушундай болуп жатат, бир эле бизде эмес региондо, дүйнөдө ушундай тенденция байкалууда. Күн жылып жатат, кургакчылык күчөп, жаан-чачын аз. Ошону үчүн азыр да ушундай сөз чыкты. ГЭС курулган учурда сууну сатууга мүмкүнчүлүк эч убакта каралган эмес. Азыр деле ашыкча чыгаруу мүмкүн эмес. Бизден өтүп кетсе деле, бизден кийин дагы беш ГЭС турат. Эгер сата турган болсо, ашыкча агызууга туура келсе бардыгы бирдей өткөрүп тейлей албайт. Бул абсурд”.

Башка жагынан караганда эң башкы суу сактагычтагы быйылкы - 10,8 млрд. куб метрлик суу деле көп эмес. Бул 2019-2020-жылдарга салыштырмалуу 2-3 млрд. кубга аз дегенди түшүндүрөт. Ошентсе да тармактык мекеме оптимисттик маанайда.

“Мен министр катары айтып кетейин, азыр энергетикалык кризис жок. Убактылуу, жылдагыдай эле түрдүү жумуштук учурлар болушу мүмкүн. Бирок аны кризис деген туура эмес. Эч кандай дүрбөлөңгө негиз жок. Кудай буйрусу жарык өчпөйт”, - деди энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев.

“Токтогул” ГЭСи.
“Токтогул” ГЭСи.

Деген менен энергетика боюнча эксперттер да, андан кабары бар башка тармактагы талдоочулар да соңку жагдайды энергетикалык кризис деп атап келишкен. Бул алдыңкы бир-эки жылга созуларын жана кышкысын өчүрүүлөр болорун эскертишкен. Азыр деле үнөмдөөгө чакыргандар арбын.

Коомдук ишмер Жылдызбек Тургановдун сөзүнө орун берели:

“Коомчулукта “союз маалында ондогон, жүздөгөн завод-фабрикалар иштеген, бирок анда эмнеге жарык тартыш болгон эмес?” деген суроо бар. Азыр катар-катар завод-фабрикалар иштебесе дагы, элдин саны өсүп жатат. Электр пайдалануучулар, абоненттер көбөйдү. Өзгөчө кышында керектөө кескин өсүп кеткенин көрүп жатабыз. Биздин энергетика суудан көз каранды, суу азайганда өчүрүүлөр болушу ыктымал. Ошону үчүн ар бир кыргызстандык электр энергиясын үнөмдөөгө өтүшү керек”, - деди ал.

Агрегаттарды оңдоо жана башка ГЭСтер

“Токтогул” ГЭСинде жалпы 1200 мегаватт кубаттуулукка ээ төрт агрегат бар. Учурда анын экөө гана иштеп жатат жана күчүн 50% гана иштетип десек болот. Бир агрегат пландык резервде кармалып турса, дагы бир агрегат оңдоодон өткөрүлүүдө.

“Токтогул” ГЭСтер каскадынын жетекчисинин орун басары Улан Калыбеков мындай деди:

“ГЭСтин реконструкциясы үч бөлүккө бөлүнгөн. Биринчи бөлүгү былтыр бүттү, экинчи бөлүгү азыр башталып жатат. Экинчи этапта агрегаттар алмашышы керек. Башкача айтканда, бир жылда бирден алмаштырабыз, азыр ошо бирөөнү демонтаж кылып бүтүп, жаңы агрегаттын жабдууларын күтүп жатабыз”.

“Токтогул” ГЭСинин агрегаттары.
“Токтогул” ГЭСинин агрегаттары.

ГЭСти оңдоп-түзөө иштерин Азия өнүктүрүү банкы жана Европа өнүктүрүү банкы сыяктуу эл аралык финансылык институттар грант катары каржылап жатат. Ал эми жумушту франциялык жана түштүккореялык компаниялар ишке ашырууда. Бирок чек аралардын жабыктыгы реконструкциялоого кедергисин тийгизүүдө.

“Токтогул” ГЭСтер каскадынын жетекчиси Тимурлан Кармышов буларды кошумчалады:

“ГЭС жаңы курулганда агрегатты эксплуатациялоонун мөөнөтүн 25 жыл деп беришкен. А муну биз 50 жыл иштеттик. Реконструкциялоо өз убактысы менен эле жүрүп жаткан. Бирок былтыр пандемияга байланыштуу чет элдик көп заводдор биз берген буюртмаларды өз убагында аткара албай калды. Кээ бирлери чек арага келип туруп калып жатат. Бир-эки ай турган турбиналык бир жабдык араң өттү, эки апта ичинде келет деп жатабыз. Келери менен курулуш иштери дагы уланат”.

Кыргызстанда ушул тапта жети ири гидроэлектрстанциясы бар. Алар “Токтогул” (1200 мегаватт), “Күрп-Сай” (800 мегаватт), “Таш-Көмүр” (450 мегаватт), “Шамалды-Сай” (240 мегаватт), “Үч-Коргон” (180 мегаватт), “Камбар-Ата-2” (120 мегаватт) жана “Ат-Башы” (40 мегаватт) ГЭСтери.

"Токтогул" ГЭСинин диспетчердик схемасы.
"Токтогул" ГЭСинин диспетчердик схемасы.

Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев сөздү улантты:

“Мына жалпы диспетчердик пункттун картасын карайлы. Мында кайсы ГЭСте канча агрегат иштеп жатканы, канчасы иштебей жатканы, бүт көрүнүп турат. Мына көбүндө бирден агрегат иштеп жатат, калгандары резервде турат. Башкача айтканда бул жерде катар турган ГЭСтердин каскады кетип жатат. “Токтогул” ГЭСинен канча суу чыкса анын баары артындагы ГЭСтердин баарынан өтөт. Айрымдар “Токтогулдан” түшкөн сууну кайра артка насос менен тартып алып, кайра иштете бербейлиби дей беришет го. Эгер биз андай жолго барсак, анда мына ушул катар-катар ГЭСтердин каскады иштебей калат”.

Азыркы шартта өлкөдө жылына орточо 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлөт. Бирок керектөө да ушунча, кээде андан да көбүрөөк болуп кетет. Электр жетпей калганда Кыргызстан коңшу мамлекеттерден импорттоп алууга аргасыз болот.

Улам өсүп жаткан керектөөнү жабыш үчүн өкмөт жаңы ГЭСтерди куруп, жаңы кубаттуулуктарды ачышы керек. Узак мөөнөттүү келечекте Кыргызстанда ондогон ГЭСтерди курууга мүмкүнчүлүк бар, бирок жакынкы мөөнөттө анын ишке ашуусу татаалыраак болуп турат.

Анын эң реалдуулары “Камбар-Ата-2” ГЭСинин кошумча аргегаттарын ишке киргизүү, “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу.

Жалпы схемадагы "Камбар-Ата-1" жана "Камбар-Ата-2" ГЭСтеринин орду.
Жалпы схемадагы "Камбар-Ата-1" жана "Камбар-Ата-2" ГЭСтеринин орду.

“Союздун учурунда “Камбар-Ата-1” жана “Камбар-Ата-2” ГЭСтеринин да белгилери да ушул схемага киргизилген. Анткени ал алдын ала пландалган болчу. Азыр бул аталгандардын биринчиси курула элек, экинчисинде болсо бир агрегат иштеп жатат. Кудай буйруса, келечекте “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруп бүтүрүшүбүз керек, экинчисинде болсо жаңы агрегаттарды ишке салышыбыз шарт. Ошондо биз Орто Азияда энергетикалык державага айлана алабыз”, - дейт Бекмурзаев.

Президент Садыр Жапаров быйыл мартта Ташкентке сапарынын алкагында Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев менен “Камбар-Ата-1” ГЭСин чогуу куруу боюнча макулдашкан. Башында долбоор үч жыл ичинде бүтөрү айтылган эле. Бирок азыр анын тагдыры так эмес болуп турат.

"Токтогул" ГЭСи.
"Токтогул" ГЭСи.

Министр Доскул Бекмурзаев дагы кеп алды:

“Президенттер кол койгон кагаздарга мен комментарий бере албайм. Бирок менин жеке пикиримде, биз өнөктөш өлкөлөр менен кабыл алган макулдашуу жана келишимдерди аткарышыбыз керек. Бул биздин өзүбүздүн эл аралык деңгээлдеги аброюбузду сактап калуу үчүн зарыл. Бирок улуттук кызыкчылыктарыбызды да камтып, ошонун негизинде ишке ашырышыбыз шарт”.

Тарифтик саясат

Президент демекчи, мамлекет башына келген Садыр Жапаровдун иш мөөнөтү саясий жана экономикалык оор жагдай менен кошо энергетикалык да түйшүк менен башталды. Ошого да президент төрт айда энергетика министрин бир жолу алмаштырууга үлгүрдү.

Жаңы министрге да улам чалып, жагдайдан тынымсыз кабардар болуп жаткандай. Муну ГЭСте журналисттерге интервью берип жаткан учурда Жапаров Бекмурзаевге телефон чалып калганынан аңдагандай болдук.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров энергетикадагы кризисти алдын алуу үчүн быйыл апрелде жаңы тарифтик саясат сунуштаган. Ал анда жарык пайдалануучуларды бир нече катмарга бөлүп, бааны ошого жараша коюу керектигин айткан эле.

“Турмушу начар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 74 тыйын кылып, чектөөнү алып салалы деген сунуш бар. Учурда аз камсыз болгон 110 миң үй-бүлө бар. Тоолуу жана жашоо шарты оор алыскы райондорго 1 сом 04 тыйындан берип, чектөөнү таптакыр алып салалы деген сунуштар бар. Ал эми жашоо-турмушу Кудайга шүгүр үй-бүлөлөргө 1 сом 48 тыйындан сатуу сунушталып жатат. Бирок, суунун тартыштыгына байланыштуу ушул категориядагыларга кышкы мезгилдерде 1000 кВт/сааттан ашса 2 сом 29 тыйындан болсун деген сунуштар бар. Бул бүгүнкү күндөгү электр энергиясынын өздүк наркы. Кудай буюрса, сууну толтуруп алсак, кийин чектөөнү алып салабыз. Азыркы тапта суунун көлөмү жогорулай баштады. Ушул кадамдарга барганыбызда гана биз 2025-жылга барып энергетикалык кризистен чыгат экенбиз”, - деген президент Садыр Жапаров 21-апрелде энергетиктер менен жолугушуп жатып.

Бирок азыр жаңы министр келгенден кийин 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясынын жаңы тариф саясаты иштелип чыкты. Мында, калкка бир гана тариф коюлат, болгону чектөөлөрдө айырма бар.

Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев:

“Мен өткөнкү тарифтерге комментарий кыла албайм, анткени анда башка кишилер иштеп жаткан. Жаңы тарифтик токтомдо биз калктын бардык катмарына бирдей бааны сунуштап жатабыз. 1 кВт/сааттын баасы элге 1 сом 9 тыйын. Бул азыркы тарифтен 32 тыйынга өйдөрөөк болуп жатат. Мурдагы 700 кВт/сааттык чектөөлөр кышкы мезгилде 1000 кВт/саат деп белгиленип жатат. Андан ашса 2 сом 52 тыйын болот. Бирок президентибиз тоолуу райондорго барган учурда убада берген, ошондуктан тоолуу аймактарга чектөө болбойт, алар бир баада гана төлөшөт”.

Кыргызстанда электр энергиясы үчүн тариф акыркы жолу 2015-жылы жайында көтөрүлгөн. Учурда 700 кВт/саатка чейинки электр энергиясынын 1 кВт саатына баа 77 тыйын, андан ашканына 2 сом 16 тыйындан төлөнөт. Өнөр жай, айыл чарба жана бюджеттик мекемелер үчүн тариф 2 сом 24 тыйын. Азыр ушунун баары өзгөрмөкчү.

“Арак, цемент чыгарган заводдор, алтын кен ишканалар, майнинг фермалар электр энергиянын 1 кВт/саатына 5 сом 4 тыйын төлөйт. Анткени булар көп киреше алган бизнес болуп саналат”, - деди Бекмурзаев.

Энергетика жана өнөр-жай министрлигинин электрге карата жаңы тарифтик сунуштамасы бир айча коомдук талкууда турмакчы. Саясий жана эксперттик чөйрөнүн, калктын жана ишкерлердин сунуштарынан кийин ал алымча-кошумчалар менен бекитилет.

Өз менен өзгөнү тейлеген "Токтогул" ГЭСи
please wait

No media source currently available

0:00 0:20:23 0:00

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG