Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Электр энергия: президент жаңы тариф сунуштады


Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров энергетикадагы кризистен чыгуу үчүн электр энергиясынын тарифин өзгөртүүнү сунуш кылды. Ал аз камсыз болгондорго жана тоолуу райондордо жашагандарга арзан тарифти калтырып, калган катмарга бааны жогорулатуу керек деп эсептейт.

Аталган тармактагы жетекчилер да, адистер да тарифти көтөрүү керектигин көп жылдан бери айтып келишкен. Бирок кымбатчылык өкүм сүрүп жаткан маалда бул демилге кандай кабыл алынары белгисиз.

Көйгөй президенттин оозу менен айтылды

Жаңы тарифке байланыштуу пикирин президент Садыр Жапаров 21-апрелде энергетиктер менен жолугушуу учурунда айтты. Ал аталган тармактагы адистерди атайын чогултуп, көйгөйлөрдү талкуулады.

Бул жөнүндө мамлекет башчы өзү «Фейсбуктагы» баракчасына жазып, кездешүүдө сүйлөгөн сөзүн толук жарыялады.

Анда ал энергетика системасы терең кризисте экенин белгилеп, бул тармакта жүрүп жаткан иштер, реформалар тууралуу сөз кылды. Президент “жагдайды оңдоо үчүн кечиктирилгис чараларды көрүү учур талабы экенине” токтолду.

Садыр Жапаров көйгөйдү чечүү үчүн биринчи кезекте электрдин тарифин көтөрүү зарыл экенин, бул үчүн бир нече баскычтуу сунуш бар экенин ортого салды. Ал жарык пайдалануучуларды катмарга бөлүп, бааны ошого жараша коюу керектигин айтты.

«Президент Садыр Жапаров энергетиктерди чогултуп, 700 КВт/саатык чектөөнү алып салуу боюнча тапшырма берди" - деп айтылат маалыматта:

«Турмушу начар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 74 тыйын кылып, чектөөнү алып салалы деген сунуш бар. Учурда аз камсыз болгон 110 миң үй-бүлө бар. Тоолуу жана жашоо шарты оор алыскы райондорго 1 сом 04 тыйындан берип, чектөөнү таптакыр алып салалы деген сунуштар бар. Ал эми жашоо-турмушу Кудайга шүгүр үй-бүлөлөргө 1 сом 48 тыйындан сатуу сунушталып жатат. Бирок, суунун тартыштыгына байланыштуу ушул категориядагыларга кышкы мезгилдерде 1000 кВт/сааттан ашса 2 сом 29 тыйындан болсун деген сунуштар бар. Бул бүгүнкү күндөгү электр энергиясынын өздүк наркы. Кудай буюрса, сууну толтуруп алсак, кийин чектөөнү алып салабыз. Азыркы тапта суунун көлөмү жогорулай баштады. Ушул кадамдарга барганыбызда гана биз 2025-жылга барып энергетикалык кризистен чыгат экенбиз».

Президент ырастагандай, кыргыз энергетикасынын карызы ушул күндөрү 129 млрд. сомго жетти. Ал алынган карыздар бул тармактагы көйгөйлөрдү чечүүгө жумшалбай уурдалып кеткенин кошумчалады.

«Ошого жараша көмөк чордондорубуз, линияларыбыз оңолгон эмес. Тескерисинче, итке минген абалга келиптир. Бул каражаттардын көпчүлүк бөлүгүн энергетиктер эмес, бийлик башында отурган аткаминерлер уурдап кетишиптир. Бул маселе боюнча Эсеп палатасына тапшырма берилет. Изилдеп чыгабыз. Суунун башында отуруп, электр энергиясын экспорттоочу эмес, импорттогон өлкөгө айланып калыптырбыз. Ушул тапта Казакстан менен Өзбекстандан алып жатабыз. Бул кыргызстандыктар үчүн өтө уят көрүнүш. Эми мындан ары бул системага бир тыйын карыз албай, тарифтерди өзгөртүү жолдорун колдонуп, өз күчүбүз менен кризистен чыгып кетүүнүн жолдорун издеп жатабыз. Албетте, түшүнүгү тайыз, же жакшы түшүнүп турса да популисттик кылып, эл үчүн күйүп-бышкан саясатчы болуп көрүнгүсү келгендер ЖМК беттерин бербей, капталдан чыгышат. Тариф саясатын сындашат. Анткени алар күзүндө өтө турган шайлоодо элдин добушун алуунун амалын издешет. «Саясатчы алдыда боло турган шайлоону эсепке алып ойлонот, ал эми мамлекеттик ишмер өлкөнүн келечегин гана ойлойт» деген учкул сөз бар. Андыктан, биз сиздер менен мамлекеттин келечеги үчүн коркпой иш алып бара берели. Жыйынтыгы жакшы болот. Кийин көпчүлүк эл рахматын гана айтат», - деди президент.

Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев март айында парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, жаңы тарифтик саясат каралып жатканын маалымдаган эле. Бирок анда сандар айтылган эмес.

22-апрелде министр журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүп, кыргыз өкмөтү электр энергиясына сунуштап жаткан жаңы тарифтик саясат 2021-жылдын августуна чейин коомдук талкууда болуп, кийин чечим кабыл алына турганын билдирди.

Кубанычбек Турдубаев Бишкектеги маалымат жыйында жаңы тарифтин үч категориясына төлөмдөрдү түшүндүрүп берди:

«Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр энергиясынын бир кВт\саатына 0,74 тыйындан, бийик тоолуу аймакта жашагандарга – 1 сом 04 тыйын, калктын калган катмары 1 сом 48 тыйындан төлөйт. Бирок суу тартыштыгына байланыштуу кышында төлөмдүн экинчи тепкичи жүргүзүлүп, 1000 кВт ашса 2 сом 29 тыйындан төлөнөт. Буга чейин айына киргизилген 700 кВт жоюлат», - деди министр.

Кубанычбек Турдубаев Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына таянуу менен Кыргызстанда 110 000 аз камсыз болгон үй-бүлө бар экенин билдирди. "Адистер кайра изилдөө жургүзүп, колу жука үй-бүлөлөрдүн так санын жакын арада аныктайт", - деген министр Кыргызстанда энергетика тармагы өтө оор кырдаалга кептелгенин, төлөмдөрдү көтөрүү зарылдыгы жаралганын кошумчалады.

Кыргызстанда электр энергиясы үчүн тариф акыркы жолу 2015-жылы жайында көтөрүлгөн. Учурда 700 кВт/саатка чейинки электр энергиясынын 1 кВт саатына баа 77 тыйын, андан ашканына 2 сом 16 тыйындан төлөнөт. Өнөр жай, айыл чарба жана бюджеттик мекемелер үчүн тариф 2 сом 24 тыйын.

Андан бери тарифти көтөрүүгө байланыштуу ар кайсы платформаларда кеп болуп келген. Бул теманы өкмөт мүчөлөрү, энергетика тармагындагы органдардын өкүлдөрү, депутаттар жана энергетиктер да козгочу. Бирок кадамдар жасалган эмес.

Энергетика тармагы боюнча эксперт Мырзатай Султаналиев көйгөйлүү маселе президенттин оозу менен айтылды деп эсептейт:

Мырзатай Султаналиев.
Мырзатай Султаналиев.

«Буга чейин тариф маселеси «экономикалык» маселе катары эмес, «саясий, социалдык» маселе катары каралып келген да. Баары түшүнүп турат, бирок президенттер айта албай келген. Муну баары түшүнүп алышкан да, улам козголсо эле каршылыктар чыгып келген. Тарифти көтөрүү зарыл. Мүмкүнчүлүгү барлар толук төлөйт, мүмкүнчүлүгү жокторго мамлекет жеңилдик берсин, болбосо бюлжеттен компенсацияласын. Тоолуу жана тоолуу эмес дегенге деле макул эмесмин, аз камсыз болгондордон башкасына бирдей баа коюш керек. Бул арагасыз чара. Эгерде энергетиканын экономикасынын абалын оңдойбуз десек анда бааны көтөрүү керек. Азыр бизде электр энергиясы тартыш болуп жатпайбы, эгерде тариф көтөрсө аны колдонуу азаят».

Кымбаттатуунун оош-кыйышы

Кыргызстанда ушул тапта жети ири гидроэлектрстанциясы бар. Алар «Токтогул» (1200 мегаватт), «Күрп-Сай» (800 мегаватт), «Таш-Көмүр» (450 мегаватт), «Шамалды-Сай» (240 мегаватт), «Үч-Коргон» (180 мегаватт), «Камбар-Ата-2» (120 мегаватт) жана «Ат-Башы» (40 мегаватт) ГЭСтери.

Мындан сырткары электр энергиясын өндүргөн дагы эки ири жылуулук электр борбору (ЖЭБ - ТЭЦ) Бишкекте жана Ошто иш алып барат.

Демек, ушунун баарын бириктиргенде өлкөдө жылына орточо 14-15 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлөт. Бирок керектөө да ушунча, кээде андан да көбүрөөк болуп кетет. Электр жетпей калганда Кыргызстан коңшу мамлекеттерден импорттоп алууга аргасыз болот.

Ошол себептүү кубаттуулукту көбөйтүү үчүн жаңы ГЭСтерди салуу керек. Кошумча көмөкчордондор, электр линиялары оңдолушу шарт. Бул үчүн каражат зарыл. Бийлик аны тарифти көтөрүү менен табуу максатын көздөйт.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери, депутат Сайдулла Нышанов электрдин баасын көтөрүү демилгесин колдойт, «бирок анын арты коррупциялашып кетпеши керек» дейт:

Сайдулла Нышанов.
Сайдулла Нышанов.

«Мисалы, азыр жаңы берилген чектер, жаңы конуштарга электр мамычаларын, эсептегичтерди, трансформаторлорду коюу, линия тартуу иштерин айыл өкмөттөрдүн мойнуна илип коюшкан. Айыл өкмөттөрдө акча жок да, байкуш жашоочулар өздөрү теректерди мамыча кылып, же акча чогултуп зым тартышат. Тарифтерди көтөргөндөн кийин эми ким акчаны чогултса, ошолор ушуну куруп бере тургандай кылыш керек. Алар акчаны алып, жоопкерчиликти айыл өкмөткө берип койбошу керек. Андан кийин шаарлардын ортосундагы линияларды оңдоого, иштеп жаткан ГЭСтерди реконструкциялоого өтүшүбүз керек. ГЭСтерди салууга ошондон кийин кирешебиз. Кеминде беш-он жылдын ичинде жаңы ГЭС салбасак, биз өтө чоң кризиске кептелебиз. Энергетиканы же оңдошубуз керек, же ал тармак талкаланып, жоголот. Жылдан жылга элдин саны өсүп жатат, керектөө да көбөйөт, ошону үчүн жаңы ГЭС өтө зарыл. Бул жерде Садыр Жапаровдун демилгесин колдош керек, болгону тарифти көтөрүүдөн түшкөн пайда мына ушул нерселерге сөзсүз жумшалышын көзөмөлдөп алуу кажет. Уурдалып кетпеши керек, мына ушул жеринде чоң суроо бар».

Кыргызстан эгемендик алгандан бери бир эле станцияны – жогоруда аталган «Камбар-Ата-2» ГЭСин гана курган. Анын да бир эле агрегаты иштейт.

Экинчи долбоор катары көп жылдардан бери «Камбар-Ата-1» ГЭСи айтылып келет. Бирок муну куруу боюнча Орусия, Иран жана Кытай өлкөлөрүнүн инвесторлору менен болгон макулдашуулар, сүйлөшүүлөр жана иштешүү аракеттери аягына чыкпай калган.

Быйыл 11-12-мартта президент Садыр Жапаров Ташкентке иш сапары менен барган учурда Кыргызстан менен Өзбекстан «Камбар-Ата-1» ГЭСин чогуу куруу боюнча соңку макулдашууга келишкен. Жапаров станцияны өзбекстандык инвесторлор үч жылда куруп бүтөрүн маалымдаган. Коомчулукта бул келишимдин аягына чыгарынан да күмөн санагандар арбын.

Журналист Семетей Талас уулу азыркы кымбатчылык маалында электр энергиясынын баасын көтөрүү нааразычылыктарды жаратарын белгилейт:

Семетей Талас уулу.
Семетей Талас уулу.

«Энергетика тармагынын ушул абалга эң ириде ошол коррупционер энергетиктер күнөөлүү. Баары эмес, бирок техникалык жана коммерциялык жоготуулардын баарына ошолордун көбү күнөөлүү. Бул тармакка келген гранттар, насыялар желип кеткен. Ошонун баарына себепчи болгон кишилерди, мамлекеттен арзан алып, элге кымбат саткан ортомчу компанияларды жоопко тартпай туруп, тарифти көтөрөм дегени акмакчылык. Энергетикалык коррупционерлердин кармап, жазалап, мүлкүн конфискациялап, анан ушундай жолго барса да, эл макул болмок. Болбосо булар жей берсин, эл ошолордун жегенин кошо төлөгүлө дегендей эле саясат болуп калып атпайбы. Бул деген жөн гана элдин жонунан кайыш тилүү. 2010-жылкы көтөрүлүштүн да бир себеби ушул – энергетикадагы тарифтердин кымбатташы болбоду беле?! Өткөндөн сабак албай жатабыз».

Өлкөнү электр менен камсыздаган эң башкы – «Токтогул» гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү 21-апрелде 8,6 млрд. куб метрге чейин түштү. Энергетика жана өнөр жай министрлиги электерди пайдалануу азыркыдай шартта улана берсе келерки жылдарга суу 5-6 млрд. куб метрге чейин түшүп калышын маалымдаган.

2007-2008-жылдары «Токтогулдагы» суу 7-8 млрд. куб метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген. Суу 6 млрд. куб метрге түшсө, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын энергетиктер эскертишет.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG