Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2021 жума, Бишкек убактысы 17:28

Өкмөттүн "өгөй баласына" айланган чакан ГЭСтер


«Ат-Башы» ГЭСинин №3 гидроагрегаты.

Эксперттер Кыргызстан энергетикалык кризистин ордун кичи ГЭСтер аркылуу толтурса болорун эскертишет. Ал үчүн бул тармактагы бюрократияны жоюп, ишкерлерге шарт түзүп берүү зарыл экенин айтып жатышат.

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү кескин азайып, өлкө энергетикалык кризиске кептелип калган учурда кичи ГЭСтердин ролу канчалык?

Рамис Ыдырысов сегиз айдан бери Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүнө кичи ГЭС курам деп аракет кылып жүрөт. Ал үчүн 16 мамлекеттик мекемеден уруксат алууга туура келген. Кичи ГЭСтин баасы 400 миң долларга чамалап жатат. Бирок аны ишке киргизгенден кийин да өндүргөн электр энергияны мамлекет сатып алабы деген тобокелдик турат.

Кичи ГЭСтерди өкмөт колдогону менен "Энергохолдингдин" саясаты тескери жүрүп жатат деген пикирде.

Рамис Идирисов.
Рамис Идирисов.

“Саатына 2000 киловатт электр энергия чыгарып бере турган кичи ГЭС курулушу керек болчу. Буга деле олчойгон каражат кетет. Азыр эле мен билгенден Ош облусунда алты чакан ГЭС иштеп жатат. Бирок "Ошэлектр" аларды ЛЭПке туташтырбай жатат. Себеби, алар өздөрүнө атаандаштыкты каалабайт. Өздөрүнчө монополия болуп алышкан”.

Азыр Ошто жана Баткен облусунда үч кичи ГЭСтин өндүргөн электр энергиясын мамлекет сатып алат. "Ошэлектр" ачык акционердик коомунун бөлүм башчысы Айбек Байбагышев кичи ГЭСтерден электр энергиясын сатып алуу келишимин "Улуттук энергохолдинг" жүргүзөрүн айтты.

Байбагышев кичи ГЭС курууда ишкерлер айткан көйгөйлөр бар экенин ырастады. Ал электр энергиясына болгон тариф да терс таасир этет деп эсептейт. Эгер электр тогуна болгон баа көтөрүлсө, кичи ГЭС курууга кызыкдар болгон инвесторлор көбөйөт деп ойлойт.

“Тарифтер боюнча Бишкекте "Гартек" деген ишкана бар. Ошолор тарифти бекитип берет. Эгер тариф төмөн болсо ишкерлерге пайдалуу болбой калат. Эгер кеткен чыгымдарды эсептеп туруп тарифти жакшы коюп берсе, биздеги кичи ГЭСтер да көбөймөк. Эми электр энергияга болгон баа көтөрүлөт деп жатат. Эгер көтөрүлсө 100 пайыз ишенимдүү айта алам, бизге инвесторлор көп келет”.

Экономист Мирлан Убайдуллаевдин пикиринде, мамлекет ички инвесторлорго шарт түзүп берүү менен кичи ГЭСтерди куруп, электр энергиясын сырттан экспорттоону токтотушу керек.

“Туура, бул тармак абдан көлөмдүү инвестицияны талап кылат. Эгер биз инвесторлорду тартып, бул тармакты жакшы өнүктүрө ала турган болсок көп каражат алып келет. Эң негизгиси бизге пайдалуу. Себеби, өзүбүздү өзүбүз электр энергия менен камсыздоого өтөбүз”.

Өлкөдө жети ири гидроэлектр станциясы иштейт: Токтогул, Күрп-Сай, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон, Камбар-Ата-2, Ат-Башы. Алар өлкөдөгү электр энергиясынын 83% өндүрөт. ГЭС жабдууларынын 80% эскилиги жетип калган.

Техника илимдеринин доценти Рустам Пакирдинов электр энергияга болгон бааны көтөрүү менен энергетикалык кризис толук чечилбейт деп эсептейт:

Рустам Пакирдинов
Рустам Пакирдинов

“Альтернативдүү жагын карап чыгып кичи ГЭСтерди куруш керек. Күндөн энергия ала турган станциялар бар. Бишкек шаары бир жылда 250 күндөн ашык күн тие турган күнөстүү шаар болуп эсептелет. Ошентип жоготуунун ордун толтурса болот”.

Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев электр энергиянын альтернативдүү булактарын ишке киргизүү үчүн атайын программа иштелип чыкканын айтты. Анын билдирүүсүндө, программанын алкагында чакан ГЭС, күндүн нуру жана шамал менен иштей турган станциялар курулат.

"Азыр "Жашыл миллиард" деген программа баштадык. Программанын алкагында чакан ГЭС, күндүн нуру менен иштей турган станциялар же болбосо шамал менен иштей турган станцияларды курууга жол ачтык. Бул боюнча жети келишим түздүк. Эми станциялар курула баштайт".

2007-2008-жылдары Токтогулдагы суу 7-8 млрд. куб метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген.

Суу сактагычта 8 миллиард 585 миллион куб метр суу бар. Токтогул ГЭСи Кыргызстанда электр жарыгынын 33% өндүрөт. Суу сактагычка 19 миллиард куб метр суу батат.

Кыргызстанда энергетика тармагындагы карыздардын көбүн «Датка-Кемин» көмөк чордонуна, Бишкек ЖЭБин реконструкциялоого, Токтогул ГЭСин жаңылоо сыяктуу долбоорлорго алынган насыялар түзөт.

  • 16x9 Image

    Маратбек Акимбек уулу

    Маратбек Акимбек уулу "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. ОшМУнун кыргыз филология жана журналистика бөлүмүн аяктаган. Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын магистранты. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG