Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:15

АКШ менен Орусия камактагыларды алмашат


Прага. Чехия. Орусиядагы саясий туткундарды бошотууну талап кылган саясий акция. 2016-жыл.
Прага. Чехия. Орусиядагы саясий туткундарды бошотууну талап кылган саясий акция. 2016-жыл.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова RTVI телеканалына курган маегинде, Москва менен Вашингтон камактагыларды алмашуу маселесин карап баштаганын билдирди.

Владимир Путин Женевада Жо Байден менен жолуккандан кийин маалымат жыйында тараптар АКШда камалган орусиялыктар менен Орусияда жазасын өтөп жаткан америкалыктарды алмашуу боюнча мунасага келгенин айткан болчу.

Захарова RTVI телеканалына камактагыларды алмашуу маселесинде бир топ жагдайлар болгондуктан ал коомдук талкууда болбошу керектигин белгиледи.

АКШ президенти Жо Байден менен Орусиянын лидери Владимир Путин 16-июнда Женевадагы La Grange хан сарайында жолуккан. Бул Байдендин президент катары Путин менен алгачкы жолугушуусу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG