Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:59

Бишкек-Балыкчы поезди жүрө баштады


Балыкчы-Бишкек-Балыкчы поезди. 2021-жылдын 18-июну. Сүрөт интернеттен алынды.
Балыкчы-Бишкек-Балыкчы поезди. 2021-жылдын 18-июну. Сүрөт интернеттен алынды.

Бүгүн, 18-июндан тартып Бишкектен Балыкчы шаарына каттаган поезд жүрө баштады. “Кыргыз темир жолу” ишканасынын маалыматына караганда, жол кире мурдагы жылдардан өзгөргөн жок. Чоңдорго билет баасы 69 сом, 5-10 жаштагы балдарга 34 сом.

Жума, ишемби жана жекшемби күндөрү Бишкектен саат таңкы 7де чыккан поезд Балыкчыга түшкө маал, саат 12де жетет, кайра артка кечки саат 17:15те чыгып, Бишкекке саат 22де келет.

Бүгүн алгачкы каттам менен жолго чыккан жүргүнчүлөр поездде каалоочулар үчүн вагондордун биринде ресторан ачылганын, эгер жүргүнчүлөрдөн суроо-талап болсо ал кардарларды тейлөөсүн улантарын жазып, сүрөт жана видеолорду социалдык түйүндөргө жарыялап жатышат.

Жайкысын Ысык-Көл Кыргызстанда туристтер эң көп каттаган аймакка айланат. Былтыр коронавируска байланыштуу туристтик сезон учурунда жолдор жабылып, каттамдар токтогон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG