Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

Жээнбеков менен Зулпукаровдун бөгөт чарасы 23-июнда каралат


Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров менен Асылбек Жээнбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров менен Асылбек Жээнбеков.

Кумтөр алтын кенин иштетүүдөгү коррупциялык иштерге байланыштуу камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу арыз Бишкек шаардык сотунда каралбай калды. Буга 18-июндагы отурумга кылмышка шектүүлөр алып келинбегени негиз болду. Кийинки сот отуруму 23-июнда өтөт.

Эки депутаттын адвокаттары алардын коргоосундагы адамдардын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен шаардык сотко кайрылган. Алар сот жабык өтүп, жараянга шектүүлөр алынып келбегенине нааразы болушту. Ал эми Жээнбеков менен Зулпукаровдун 100дөй тарапташы соттун имаратынын сыртында митинг кылышты.

Митингге Асылбек Жээнбековдун агасы — Жусупбек Шарипов дагы келди. Ал учурда Кыргызстандын Украина жана Молдовадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштейт.

Депутаттар "Кумтөр иши" боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 31-майда эки айга камакка алынган.

Бул иш боюнча 2-июнда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев да эки айга камалган. 9-июнда президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Алмазбек Баатырбеков, 17-июнда мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кармалды. Баарына тең Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлду.

Кийинчерээк Талант Узакбаев менен Алмазбек Баатырбеков үй камагына чыккан.

“Кумтөр ишине” байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Игорь Чудинов, Темир Сариев, депутат Рыскелди Момбеков, мурдагы депутат Максат Сабиров жана башкалар да күбө катары көрсөтмө берип чыгышкан. Алар тергөөнүн купуялыгынан улам сурактын чоо-жайын ачык айтыша элек.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кени. Аны канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштетет. Кыргызстандын кендеги үлүшү 26% түзөт.

Кыргыз тарап “Центерра Голд” компаниясына экология жана салыкка байланыштуу 4,2 миллиард долларлык доо коюп, май айында “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тыштан башкаруу киргизген. (BTo/KA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG