Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:25

Борбор Азия биринчилиги: кыргызстандык футболчу кыздар 3-орунда


Кыргызстандын футбол боюнча 20 жашка чейинки кыздардын курама командасы тажикстандык атаандаштары менен.
Кыргызстандын футбол боюнча 20 жашка чейинки кыздардын курама командасы тажикстандык атаандаштары менен.

Кыргызстандын футбол боюнча 20 жашка чейинки кыздардын курама командасы Борбор азиялык футбол ассоциациясынын чемпионатында (CAFAU-20) үчүнчү орунду алды.

Кыргыз футбол союзу кабарлагандай, кыргызстандык спортчулар төрт оюнда эки жеңишке жетип алты упай топтоду.

Биринчи орунду Өзбекстандын, экинчини Ирандын футболчу кыздары утту. Мелдеш Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында 11-17-июнь күндөрү өттү.

Борбор азиялык футбол ассоциациясынын чемпионатына беш өлкөнүн - Кыргызстан, Өзбекстан, Иран, Ооганстан жана Тажикстандын командалары катышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG