Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:11

Жээнбеков менен Зулпукаровду колдогондор митингге чыкты


Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун тарапташтарынын митинги. 18-июнь, 2021-жыл.
Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун тарапташтарынын митинги. 18-июнь, 2021-жыл.

Кумтөр алтын кенин иштетүүдөгү коррупциялык иштерге байланыштуу камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун 100дөй тарапташы 18-июнда Бишкек шаардык сотунун алдына митингге чыгышты. Акциянын катышуучулары депутаттарга каршы саясий куугунтук болуп жатканын айтып, аларды эркиндикке чыгарууну талап кылып жатышат.

Ушул тапта шаардык сотто Жээнбеков менен Зулпукаровдун бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу адвокаттардын арызы каралууда. Эки депутат 31-майда "Кумтөр иши" боюнча эки айга камакка алынган.

Бул иш боюнча 2-июнда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев да эки айга камалган. 9-июнда президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Алмазбек Баатырбеков камалган. Баарына тең Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып тагылган.

Кийинчерээк Талант Узакбаев менен Алмазбек Баатырбеков үй камагына чыккан.

“Кумтөр ишине” байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Игорь Чудинов, Темир Сариев, депутат Рыскелди Момбеков, мурдагы депутат Максат Сабиров жана башкалар да күбө катары көрсөтмө берип чыгышкан. Алар тергөөнүн купуялыгынан улам сурактын чоо-жайын ачык айтыша элек.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кени. Аны канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштетет. Кыргызстандын кендеги үлүшү 26% түзөт.

Кыргыз тарап “Центерра Голд” компаниясына экология жана салыкка байланыштуу 4,2 миллиард долларлык доо коюп, май айында “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тыштан башкаруу киргизген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG