Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 23:26

COVID-19: Дагы төрт адам көз жумду, 653 бейтап жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 18-июндагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен төрт адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын үчөө Бишкекте, бирөө Ошто катталды.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 1920 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 653 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (269) жана Чүй облусунда (116).

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 113 430 адамга жетти.

Бир күндө 372 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 2206 адам жатат, дагы 3946 бейтап үйдөн дарыланууда.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон.

Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, быйыл жазында вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет.

15-июнда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөдө коронавирус эпидемясынын үчүнчү толкуну жүрүп жатканын расмий билдирди.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG