Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Нарында жаңы оорукананын имараты ишке берилди


Нарында жаңы салынган оорукананын имараты.
Нарында жаңы салынган оорукананын имараты.

17-июнда Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү үчүн курулган жаңы имарат пайдаланууга берилди. Бул тууралуу облустук администрациядан кабарлашты.

70 орунга ылайыкташкан имараттын курулушуна 79,2 миллион сом сарпталган.

Бейтапкананын 48 керебети бокс палаталарда, 22си жандандыруу жана интенсивдик палаталарда жайгашкан.

Ушундай эле тез курулуучу үч инфекциялык оорукана Бишкек жана Ош шаарларында да салынууда.

Аларга кеткен чыгым аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун эсебинен каржыланды.

Былтыр Кыргызстанда COVID-19 илдети күчөп турган учурда ооруканаларда орун жетишпей, өкмөт, ыктыярчылар менен ишкерлер күндүзгү жана кечки стационарларды ачып, бейтаптарды тейледи.

Саламаттык сактоо тармагындагы бир катар адистер жана жарандык активисттер, коомчулук бийликтин карантинде бир да оорукана кура албаганын, тармактагы өксүктөрдүн чечилбегенин катуу сынга алып келишет. (BsB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG