Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:17

IEP Исландияны "эң тынч өлкө" деп мүнөздөдү


Исландиянын түштүгүндөгү Вик шаары.
Исландиянын түштүгүндөгү Вик шаары.

Экономика жана тынчтык институту (IEP) Исландияны дүйнөдөгү 163 өлкөнүн ичинен "эң тынч мамлекет" деп мүнөздөдү. Баш кеңсеси Сиднейде жайгашкан бул уюм 17-июнда "Дүйнөлүк тынчтык индекси-2021" аттуу баяндамасын жарыялады. Ага ылайык, Исландиядан кийинки орунга Жаңы Зеландия, Дания, Португалия жана Словения чыкты.

Бул тизмеде Ооганстан, Йемен, Сирия эң акыркы сапка түшүп, тынчтык жок өлкөлөр катары сыпатталды. Казакстан 67, Кыргызстан 76, Тажикстан 97, Өзбекстан 90-орунду ээлеген. Уюмдун рейтингинде дүйнө өлкөлөрүндөгү коопсуздук, ички чыр-чатактар, саясий туруксуздук, кылмыштуулуктун деңгээли сыяктуу бир катар факторлор эске алынган.

Баяндамага ылайык, соңку бир жыл ичинде COVID-19 пандемиясынан улам дүйнөдө куралдуу жаңжалдар азайганына карабастан, зомбулук менен коштолгон жарандык акциялар, саясий туруксуздук күчөгөн.

2020-жылы дүйнө өлкөлөрүндө 15 миңге чукул демонстрациялар, митингдер жана полиция менен кагылышуулар катталган. Бул бир жыл мурдагыга караганда 10% көп.

Баяндамага ылайык, зомбулук менен коштолгон демонстрациялар көбөйгөндүктөн, акыркы беш жыл ичинде биринчи жолу Орусиянын жана Евразия чөлкөмүнүн көрсөткүчтөрү начарлаган. Эң ири демонстрациялар өткөн өлкөлөрдүн сап башына Беларус чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG