Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:40

Чүйдүн үч районунда жарык өчтү


Казак-кыргыз энергосистемасын бириктирген Фрунзе-Чу линиясындагы авариядан улам Чүйдүн Москва, Сокулук жана Панфилов райондору жарыксыз калды.

Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Баймуратов бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Коңшу өлкөнүн көмөк чордонунда авария болгонуна байланыштуу жарык өчтү. Кырдаалды Токтогул ГЭСиндеги жабдыктар менен жөнгө салып калдык”, - деди Баймуратов.

Кыргызстан Казакстандан 900 миллион кВт\саат электр энергиясын товар алмашуу ыкмасында быйыл март айында ала баштаган. Аны кыргыз тарап үч жыл аралыгында жылына 300 миллион кВт\саат менен кайтарары айтылган.

Министрлик муну «Токтогул» ГЭСиндеги суунун тартыштыгына байланыштырган. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG