Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Өзбекстанда 20 киши экстремизмге шектелип кармалды


Ташкент шаары. 9-апрель, 2020-жыл.
Ташкент шаары. 9-апрель, 2020-жыл.

Өзбекстандын чыгышындагы Сырдарыя облусунда "Телеграм" тиркемеси аркылуу "экстремисттик материалдарды" жайылтууга байланыштуу 20 киши кармалды. Бул тууралуу облустун Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, тыюу салынган материалдарды таратууга шектелген бул адамдар 16-июнда Мирзаобод районунда жана Янгиер шаарында кармалган. Алар "Телеграмда" террорчул топторду колдогон аудио жана видеолорду таратышкан деп айыпталып жатышат.

Милиция алардын жанынан экстремисттик мазмундагы китептер, бир тапанча жана снайпер куралы табылганын билдирүүдө.

15-июнда Өзбекстандын чыгышындагы Жизак облусунда террорчулукка шектелген топ кармалганы кабарланган. Өзбек бийлиги бул топ Сирияда так айтылбаган террорчул актыны даярдоого шектелип жатканын билдирген.

Июндун башында Самарканд шаарында "Сириядагы террорчул топторго кошулууну көздөгөн" деп шектелген 14 тургун камакка алынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG