Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:05

Жапаров: Кыргызстан Кытайды туруктуу өнөктөш катары көрөт


Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда Кытайдын элин жана лидери Си Цзиньпинди Коммунисттик партиянын 100 жылдыгы менен куттуктады.

Жапаров коңшу мамлекеттин жетишкендиктерине кеңири токтолуп, Кытайдын өнүгүү жолуна түшкөнүн белгилеген. Ошондой эле ал кыргыз-кытай шериктештиги тууралуу да сөз кылган.

“Кыргызстан менен Кытай - ынак коңшу, достук мамиледеги жана стратегиялык өнөктөш мамлекеттер. Эки мамлекеттин ортосундагы мамиле ылдамдык менен өнүгүүдө. Жакынкы жылдан бери Кыргызстан «Бир алкак – бир жол» долбооруна активдүү катышууда. Кытай менен бирге көптөгөн пайдалуу долбоорлор ишке ашырылды”, - деп айтылат Жапаровдун куттуктоосунда.

Статистикага ылайык, Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү 1 миллиард долларга жакын.

Мындан тышкары Кыргызстандын 5 миллиард долларга жакын тышкы карызынын 40% жакыны (1,8 миллиард доллары) Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG