Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

Салиевдин жакындары анын ишинин калыс тергелишин талап кылышты


Алмамбет Салиевдин жакындары. Ош шаары, 2021-жылдын 18-июну.
Алмамбет Салиевдин жакындары. Ош шаары, 2021-жылдын 18-июну.

Ошто бүгүн 18-июнда президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиевдин жакындары маалымат жыйын курушту. Алар Салиевге тагылган айып негизсиз экенин билдиришти.

Өзүн Кадырбек Абдылдаев деп тааныштырган адам “Ал басым жасап, кысым кыла турган бала эмес эле. Анын күнөөсү аныкталды деп айтуу туура эмес. Салиевдин иши акыйкат тергелишин талап кылабыз” деди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Салиев Жазык кодексинин 323-беренеси (“Мыйзамсыз баюу”) менен козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөө абагына киргизилгенин 17-июнда билдирген.

Атайын кызмат Салиев ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда артыкчылыктардан пайдаланып, соттордун ишине активдүү кийлигишкени, расмий кирешесине дал келбеген мүлктү сатып алганы аныкталганын маалымдаган. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG