Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:35

“Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамды талкуулаган жыйын өтүүдө


Талкуунун катышуучулары.
Талкуунун катышуучулары.

Бишкекте бүгүн 18-июнда "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулаган жыйын өтүп жатат. “Медиа полиси институту” жана “Интерньюс” уюмдары уюштурган талкууга медиа эксперттер, журналисттер, юристтер жана бийлик өкүлдөрү катышууда.

Парламент бир жыл мурда кабыл алып, бирок президент кол койбой, кайра жөнөткөн мыйзам долбоору боюнча жооптуу мекеме катары Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги аныкталган.

Бүгүнкү жыйында аталган мекеменин жетекчисинин орун басары Ильязбек Балташев аны ишке ашырууга мүмкүнчүлүк жетпей турганын айтты:

“Министрликтин алдында Маалымат жана коммуникациялар департаменти бар болчу. Азыр ал жоюлуп, башкармалык иштөөдө. Ал жерде 11 адам эмгектенет. Алар аккредитациядан өткөн, лицензия алган маалымат каражаттары менен жана борбордук аппарат болгондуктан башка да кагаз иштери менен алектенип, кошумча күч келсе департаменттин күчү алсыз экенин билдиргенбиз. Министрлик аткаруучу орган болгондуктан мыйзам чыгаруу органы кандай мыйзам чыгарса, кандай болбосун, аткарууга туура келет. Бирок бул мыйзам кабыл алынып калса аны аткарууда кийин кандай божомолдор күтүп турарын айтканбыз”.

Бүгүнкү талкуунун катышуучулары мыйзам долбоорун кабыл алуу туура эмес болорун белгилеп, аны четке кагуу керектигин айтышты.

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамды парламент былтыр экинчи жана үчүнчү окууда удаа карап, кабыл алган жана президенттин кароосуна жөнөткөн. Ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков ага кол койбой, макулдашылган вариантын иштеп чыгыш үчүн кайра Жогорку Кеңешке кайтарган.

Кийин аталган мыйзам долбоорунун макулдашылган варианты иштелип чыгып, Жогорку Кеңеш 17-июндагы жыйынында аталган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.

Мыйзам долбоорунун авторлору – Жогорку Кеңештин Бактыбек Райымкулов баштаган депутаттар тобу.

Документте коммерциялык эмес уюм жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчёт берип турууга милдеттүү болору жазылган. (MrA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG