Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:24

Орусиядан Түркияга аба каттамдар жанданды


Анталия. Иллюстрациялык сүрөт
Анталия. Иллюстрациялык сүрөт

Орусиялык туристтер Түркияга кайтууда. 12-апрелде Орусия COVID-19дун жайылышына байланыштуу Түркияга туруктуу жана чартердик учууларды убактылуу токтоткон. Эки айлык тыныгуудан кийин рейстер 21-июнда жанданды.

Шейшембиде эртең менен Москвадан Анталияга алгачкы туристтер учуп келди. Бир күндө 44 учак Жер ортолук деңизинин боюндагы бул курортко 12 миң жүргүнчүнү ташып келери пландалууда.

Түркия өткөн аптада бир күндө 1 миллион доза вакцина сайды. Вирусту жугузуп алгандар жаз айларына караганда эселеп төмөндөдү.

Ошол эле маалда Орусияда тескерисинче, COVID-19 жайылууда. Эпидемиологиялык кырдаал өзгөчө башкалаа Москвада курч. Акыркы жумада күнүнө коронавирустун тогуз миңдей жаңы учуру катталууда. Борбор шаарда жана бир нече региондо айрым тармактарда иштегендерди милдеттүү эмдөө киргизилди. Жаңы чектөөлөр 28-июнга чейин узартылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG