Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:32

Түндүк Корея АКШ менен диалогду жандандыруу мүмкүнчүлүгүн четке какты


Ким Ё Чжон
Ким Ё Чжон

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын таасирдүү карындашы Вашингтон менен дипломатиялык диалогду жандандыруу перспективасын четке какты.

Башкаруудагы партиянын маалымат департаментин жетектеген Ким Ё Чжондун билдирүүсүн өлкөнүн борбордук маалымат агенттиги басып чыгарды.

Анын айымында, АКШнын сүйлөшүүлөрдү жандантуу үмүтү оңунан чыкпайт.

Өткөн дем алыштарда Вашингтон администрациясынын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жэйк Салливан Ким Чен Ындын билдирүүсүн “кызыктуу ишарат” деп сыпаттаган.

Башкаруудагы партиянын жыйынында Ким Чен Ын расмий адамдарга диалогго да, тирешке да даяр туруу буйругун берген. Мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлашкандай, лидер улуттук коопсуздукту коргоо үчүн өзгөчө тирешке даяр болууну айткан.

Ким Чен Ын эки тараптуу мамилелердин жана дипломатиянын тагдыры Вашингтондун “кас саясатынан” баш тартуусуна көз каранды деп айтып келатат. Сыягы сөз санкциялар жана АКШ менен Түштүк Кореянын аскердик машыгуулары тууралуу жүрүүдө.

Пхеньянды өзөктүк программасынан баш тарттыруу үчүн Вашингтон жүргүзүп келген дипломатиялык аракеттер 2019-жылдын февралында токтоп калган. Ошондо АКШ Түндүк Кореянын өзөктүк программасын чектеп, бул үчүн санкцияларды алуу талабына терс жообун кайтарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG