Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:38

COVID-19: расмий эсеп “кара июлга” жакындады


Бишкек шаары. Июнь, 2021-жыл.
Бишкек шаары. Июнь, 2021-жыл.

Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавирус 931 кишиден жаңы аныкталды. Бул былтыркы жылдын июль айынан берки эң жогорку көрсөткүч. Өлкөдө былтыр июндун акырында ооругандардын жана өлгөндөрдүн саны дароо эселеп өсүп кеткен. Ал кездеги жоготуулар "кара июль" деген аталыш менен элдин эсинде калган.

Соңку бир күндө илдеттен сегиз бейтап каза болуп, пандемия башталган бир жыл аралыгында курмандыктардын саны 1945ке жетти.

Бирок вирус жугузгандар, курмандыктар тууралуу мындай сандар расмий эсеп гана. Бир катар дарыгерлер, байкоочулар иш жүзүндө вируска чалдыккандар, жана андан өлгөндөр, тест тапшырбай үйдө жаткандар мындан бир топ көп болушу мүмкүндүгүн айтып келатышат.

Чочуткан акыркы сандар

Соңку бир күндө коронавирус расмий аныкталган 931 учурдун эң көбү Бишкекте (435) жана Ошто (147) катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев 22-июндагы маалымат жыйынында билдирип, элди санитардык эрежелерди сактоого чакырды:

“Бүгүнкү күндө COVID-19дун катталуу учурлары абдан көп. 931 - чоң сан болуп эсептелет. Бул биздин кээ бир жарандарыбыз өздөрүнүн жана жакындарынын ден соолугуна кайдыгер мамиле жасап жатканын көрсөтөт. Такай беткап тагыңыздар. Колду, суу, самын менен жууп, залалсыздандыруучу каражаттарды колдонуңуздар. Аралыкты сактап, көпчүлүк чогулган жерге барбаңыздар. 65 жаштан жогоркулар жалпы ооругандардын 31 пайызын түзүп жатат. Урматтуу мекендештер, жаштар, улуу муундагылардын, аксакалдардын ден соолугун сактаңыздар. Аларды той-топурга жөнөтпөңүздөр”.

Жалалидин Рахматулаев кошумчалагандай, акыркы бир суткада COVID-19 илдетинен сегиз бейтап каза болду. Анын бешөө Бишкекте, экөө Чүйдө, бирөө Ошто.

Ошондо соңку июнь айында эле 130 адам коронавирустан каза болуп, 22-июнга карата көз жумгандардын жалпы саны 1 945 кишиге жетти. Министрдин орун басары каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты.

Кыргызстанда былтыр июнь-июль айларында ооругандардын жана өлгөндөрдүн саны дароо эселеп өсүп кеткен.

2020-жылы 10-июлдан тартып күн сайын коронавирустан жана өпкөсү кагынып (пневмония) 40-50дөн ашык киши, ал эми 15-июлда 85, 17-июлда 83 адам каза болгон. Бул көрсөткүчтүн өлкө калкынын санына катышын алганда, бир күндө өлгөндөрдүн саны боюнча Кыргызстан дүйнөдө алдыга чыкканын эл аралык жана жергиликтүү басылмалар да жазып чыгышкан.

Кардиохирург, профессор Калдарбек Абдраманов быйылкы абалга мындайча мүнөздөмө берди:

Калдарбек Абдраманов
Калдарбек Абдраманов

"Бул жолу медиктерден көп деле кемчилик кеткен жок. Бир аз кемчиликтер бар, бирок ал өтө маанилүү эмес. Азыр кайдыгерлик өкмөттө жана элде болуп жатат. Өкмөт аба бекеттерде, башка жерлерде элдин чогулуусун азайтышы керек эле, той-топурдун токтобогонун айтпай эле коелу. Абал былтыркыдай болобу деп чочуп турам. Вакцина алгыла десе албай жатышат. Элибиз караңгы экен да. Дарыгерлерде бул жолу көп деле күнөө жок".

Ал арада Бишкектеги ооруканаларда орундар дээрлик толуп калганы кабарланууда. Республикалык клиникалык инфекциялык илдеттер ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Алиев былтыркыдай кымгуут жагдай болбойт деген ойдо:

Гүлжигит Аалиев.
Гүлжигит Аалиев.

"Орун маселеси Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан чечилип жатат деп айтсам болот. Бизден башка да ооруканалар иштеп жатат. Биздин оорукана 400 орундуу. Бүгүн айыгып чыккандар болду, ошолордун ордуна 30 адамга орун даярдап жатабыз. Бизге кайрылгандардын эч кимисин кабыл албай койгон жокпуз. Бүгүнкү күндө обсервацияларды ачуу зарылчылыгы жок деп ойлойм. Былтыркыдай кымгуут түшкөн абал болбойт деп ойлойм. Себеби, азыр даярдык да жакшы. Медициналык кызматкерлердин даярдыгы да жакшы".

Учурда Кыргызстандагы ооруканаларда 2 436 киши дарыланып жатат. Алардын ичинен 93 бейтаптын абалы өтө оор. Ал эми амбулатордук шартта дарыланып жаткандар 5 100дөн ашты.

“Стационарда дарыланып жаткан 2 436 кишинин бир пайызы канааттандырарлык абалда, 66 пайызы орто оордукта, 29 пайызы оор абалда, 93 кишинин саламаттыгы болсо өтө оор”, - деди саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев.

Дарыгерлер вирус жугузуп, пневмония болгондордун арасында жаштар жана балдар да катталып, басымдуу экенин айтып жатышат. Республикалык клиникалык инфекциялык илдеттер ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Алиев ушул тапта бейтапканаларда коронавирус илдетин жугузуп алган 22 бала дарыланып жатканын, алардын эң кичүүсү алты айлык наристе, улуусу 16 жашта экенин айтты:

“Май-апрель айларында балдар арасында илдет жуккандар дээрлик жок болчу. Бирин-серин гана келип жаткан. Акыркы эки аптада коронавирус илдети аныкталган балдар көп кайрылып жатат. Ооруканада дарыланып жаткан балдардын абалдары орточо оор”.

Акыркы бир суткада 42 медициналык кызматкерден коронавирус расмий аныкталып, былтыркы жылдын август-сентябрынан берки эң көп көрсөткүч болду. Жалпысынан Кыргызстанда пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери оору 5100дөн ашык медициналык кызматкерден аныкталган.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда 116 546 киши вирус жугузуп алды. Анын 105 932си сакайды. Бирок адистер, байкоочулардын баамында, республикада коронвирус менен ооругандар, каза тапкандар расмий эсептен алда канча жогору болушу ыктымал.

COVID-19: Ооругандар, курмандыктар расмий эсептен көппү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:59:51 0:00

Окумуштуулардын эскертүүсү

Ал арада эл аралык окумуштуулар 1-июндан 31-августка чейин дүйнөдө ар бир 100 миң адамга COVID-19дан канча адам көз жумушу мүмкүн деген иликтөө жүргүздү. Ага ылайык, коронавирустан Кыргызстанда август айынын акырына чейин башка өлкөлөргө салыштырганда эң көп адам өлүшү мүмкүн. Башкача айтканда, ар бир 100 миң адамдан Кыргызстанда 256дан 512ге чейин өлүм катталышы ыктымал. Бул иликтөө эл аралык абройлуу The Lancet басылмасына жарыяланган.

Анда окумуштуулар COVID-19га каршы вакцина менен камсыздоонун деңгээлин, анын натыйжалуулугун анализдеп, элдин эмдөөгө карата мамилеси, анын ичинде ишенип-ишенбегенин да эске алышкан. Бул ыкмага ылайык, Кыргызстанда эң начар вариант болушу ыктымал. Атап айтканда, 6,5 миллион калкы бар Кыргызстанда коронавирустан жай мезгилинин этегине чейин 16800дөн 33 700гө чейинки сандагы өлүм болушу мүмкүн.

Кыргызстандык окумуштуулар да июндун соңку он күнүндө жана июлдун башында коронавируска кабылгандардын саны кескин көбөйүп, оору азыркыдан да курчуп кетиши мүмкүн экенин өткөн жумада эскертишкен.

Көз карандысыз адистерден турган топ 21-июндан 2-июлга чейин COVID-19 вирусунун жайылышын изилдеп, илдет жуктургандардын саны күн сайын 1500 адамдан ашып кетиши мүмкүн экенин айтып жатышат. Алардын божомолунда, башка аймактарга салыштырмалуу Ош жана Бишкек шаарларында кырдаал курчуйт. СOVID-19 оорусун алдын-ала божомолдоо жана эпидемиологиялык кырдаалды моделдөө боюнча адис, эпидемиолог Айжан Дооронбекова мындай деди:

“Биздин анализ үч сценарий менен жүргүзүлөт. Бул жолкусунда эң жаман сценарий менен кетишибиз мүмкүн. Анткени, Кыргызстанда Индия, Британия, Түштүк Африка жана Орусия штаммдары адаптация болду. Азыркы статистиканын өсүп жатышына Индия штаммы себеп болду деген божомол бар. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, бул штамм британ штаммына караганда жабык жайларда 64%, ачык жерде 40% ылдам жайылат. Биз такыр жаңылбайбыз дегенден алыспыз. Бирок биздин ыкма вирус жугузгандардын өсүшүн аныктай алат. Кыргызстан бардык нерсеге даяр болушу керек”.

Вакцина көйгөйү

Кыргызстанда эмдөө өнөктүгү 29-мартта башталган. Бирок ушул күнгө чейин элдин 1,5 пайызы, атап айтканда, 90 миңден ашык киши гана эмдөөдөн өттү. Эмдөө үчүн гуманитардык жардам катары Кытайдын 75 миң доза Sinopharm жана Орусиядан 20 миң доза “Спутник V" вакциналары келген. Бирок ортодо вакциналар түгөнүп, эмдөө токтоп калды.

17-июнда гана Орусиядан коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасынан дагы 80 миң доза келди.

Кытайдын коронавируска каршы вакцинасынын экинчи партиясы ушул аптанын аягына чейин келиши мүмкүн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Гүлбара Ишенапысова билдирди:

“Вакцина 20-июнда даяр болгон. Аны Кыргызстанга жеткирүүгө UNICEF жардам берип жатат. Учурда авиакаттамдар аз болуп жаткандыктан UNICEF эл аралык келишимдердин негизинде Түркия аркылуу чартердик рейс менен алып келгени жатат. Вакцинанын келиши биздин министрликтен көз каранды эмес. Авиакаттамдар аз болгондуктан кечеңдөөдө”, - деди Ишенапысова.

Кытайдан гуманитардык жардам катары келе турган Sinopharm вакцинасынын экинчи партиясы 20-июнга чейин келери айтылган. Препаратты Кыргызстанга жеткирүү ишин UNICEF камсыздап бермей болгон.

Июнь айында Asrta Zeneca вакцинасынын 210 миң дозасы да COVAX программасынын алкагында келери кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG