Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:27

Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду түзүлөт


Кыргызстан менен Өзбекстандын желектери.
Кыргызстан менен Өзбекстандын желектери.

22-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоорун карап, жактырды.

Быйыл, 11-мартта Ташкент шаарында кол коюлган макулдашууда эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташууга көмөктөшүү, экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу максатында кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондун түзүү каралган.

Фонд Кыргызстандын аймагында катталган ишкерлерге каржылык колдоо көрсөтүү багытында долбоорлорду ишке ашырат.

Фонддун уставдык капиталы алгач 50 миллион доллары болот. Кийин анын көлөмүн 200 миллион долларга жеткирүү пландалууда. Каражатты өзбек бийлиги берет. (MiK)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG