Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:44

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги донорлор аркылуу эки тик учак алат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев эл аралык донорлор аркылуу Кыргызстанга 80ден ашык өрт өчүрүүчү техника, эки тик учак жана кошумча жабдыктар гранттык негизде келерин билдирди.

Мындан тышкары Кытайдан алты мобилдик госпиталь, 100гө жакын өрт өчүрүүчү техника бекер келет. Жардам ушул жылдын этегине чейин келиши күтүлүүдө.

“Шериктеш өлкөлөрдүн тиешелүү түзүмдөрүнүн жетекчилери менен эки тараптуу кызматташуунун алкагында бир топ колдоого ээ болуп, министрликтин материалдык-техникалык базасын чыңдоого жетиштик”, - деди Ажыкеев.

Расмий маалыматка ылайык, 2021-жылдын беш айында Кыргызстанда 19 өзгөчө кырдаал катталган. Анын кесепетинен 54 адам каза болгон. 1,3 миллиард сом зыян келген. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG