Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:12

Өкмөт өсүмдүк майын, кумшекер сатып алууга 318 миллион сом бөлдү


Өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу кумшекер 20,6%, өсүмдүк майы 19% кымбаттады.
Өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу кумшекер 20,6%, өсүмдүк майы 19% кымбаттады.

Министрлер кабинети азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу бир катар иш-чаралар жасалып жатканын билдирди. Ага ылайык, баанын кескин көтөрүлүшүнө жол бербөө үчүн өсүмдүк майын жана кумшекер сатып алууга 318 миллион сом бөлүндү.

Кыргызстанда соңку күндөрү азык-түлүк кескин кымбаттай баштады. Өткөн аптада Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетинин баалардын көтөрүлүшүнө, каатчылыкка каршы иш-чаралары тууралуу маалыматын уккан. Анда бир катар депутаттар Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповду айыптап, аны кызматтан кетирүүнү талап кылышкан.

Өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу өлкөдө тамак-аш менен алкоголсуз суусундуктардын баасы 6,8% өстү. Картошканын баасы 33,9%, кумшекердики 20,6%, тамак-аш майлары 19%, кой эти 14,2%, тооктун жумурткасы 13%, жер-жемиштер 12%, балык 5,1% жана нан 2,8% көтөрүлгөн.

Кыргызстанда соңку күндөрү жашылча-жемиш кымбаттап, 20-30 сомдун тегерегинде сатылып жаткан сабиздин баасы 100-120 сомго чыкты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG