Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:57

Кеминде киши колдуу болгон кыздын өлүмү иликтенүүдө


Кеминде 16 жаштагы кыздын өлүмү иликтенүүдө. Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы 42 жаштагы шектүү кармалганын, 23-июнда бөгөт чарасы аныкталарын кабарлады.

Тергөөнүн баштапкы маалыматына караганда, кыз үйдөн мектепке - аттестат алууга баратканда киши колдуу болгон. Анын сөөгү ошол күнү кечинде токойдон табылган. Ал кыздын телефонунан чалып алууну суранганы, андан ары тийишип, кыз кыйкырганда муунтуп салганы айтылган.

Билим берүү жана илим министрлиги окуяга тынчсыздануусун билдирди. Министрлер кабинетинин төрагасынын орунбасары Жылдыз Бакашова күч органдарына кыздын өлүмүн дыкат иликтөөнү тапшырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG